Жалал-Абад-Казарман жолу убактылуу жабылды

Тогуз-Торо районунда кар көп жаап унаалар үчүн коопту абал жаралган. Ага байланыштуу 3-октябрда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин №166-Б буйругунун негизинде Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын күз айларында Сары-Кыр ашуусуна кар жаап, унаалардын жүрүүсүнө кооптуу абал түзүлгөндө Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жай айларына чейин адамдардын өлөмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында убактылуу жабылат.