Алматыда кулаган учакта каза тапкандардын экөө Кыргызстандын жарандары болгон

Алматага жакын жерде кулаган Ан-28 учактын кыйроосунан эки Кыргызстандын жараны каза болгон. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Алматадагы Башкы консулдугунун болжолдуу маалыматы боюнча, экипаждын эки мүчөсү учактын башчысы 1963-жылы туулган Геннадий Цой жана инженер 1961-жылы туулган Бейшенбек Акматбаев Кыргзстандын жарандары болушкан.

Эске сала кетсек, Алматага жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапкан. Окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болгон. Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алмата-Шымкент-Алмата багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Авиациалык окуяларды иликтөө эрежелерине ылайык, аталган факты боюнча иликтөө жүрөт.

Азыркы маалда эки мамлекеттин тийиштүү органдары кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин чечип жатышат.