9-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык 9-октябрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундугуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19 жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундугуна 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүз 17…19° жылуу болот.