Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатууга байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылат

Бүгүн 9-октябрда Бишкек шаарынын айрым жолдоруна вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына байланыштуу айрым жолдорго убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген боюнча, бүгүн саат 9.00-13.00 чейин колоннанын кыймылына байланыштуу төмөндөгү жолдор жабылат.

Атап айтканда:

— Чүй көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Эркиндик бульварына чейин;

— Фрунзе көчөсү Жаш Гвардия бульварынан И.Раззаков көчөсүнө чейин;

— Ч.Айматов, Манас көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин.

Милиция шаар тургундарына жана меймандарына алдын ала жабык көчөлөрдөн башка багыттарды тандап, жөнгө салуучу кызматкерлердин көрсөтмөсүнө түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырат.

Булак: «Марал»