Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

А бүгүнчү? Бүгүн эмне болду ага?!

– Шашпа! – таноолору кыпчылып, энтиге түштү аял. –Көрсөтөм мен силерге! Же – мен, же – Алымкан! Ушундан келгенди көрбөсөм элеби, шашпасын! Жетип бүттү! Кекиртегиме жетти!..

Бул убакта Касендин караанын караңгы түн жутуп алгандай, көрүнбөй калган. Шашкандан көлөчүн оң-тетири кийе салып, эринин артынан жөнөдү аял. Демейде үйдү айланып барып келгиче эси чыгып, элеңдеп киргиче шашкан жаны, бу саам коркууну да унутту. Кээде өзүнүн эки бутуна ороло түшкөн этегине чалынып, кээде уңкур-чуңкурга түшүп, жаза басып көмкөрөсүнөн кетип, ансайын “Алымканды карай кетип бараткан” күйөөсүнө кыжыры кайнап, жек көрүп, бирде уңулдап ыйлап, бирде сооронуп барат. Колунда – чыга берерде кайсалап жатып көзүнө урунган бычак. Ишенгени, бел тутканы ошо. Касен менен Алымкандан өчүн ошол алып берүүчүдөй бекем кармап, мына азыр күнөөкөрлөр алдынан чыга калса уруп алчудай алып учуп, көзүнүн жашын булактатып алган. Бир убакта эсине өлгөн энеси түшүп кетти.

– Апа-а?! – деп, чындап энесин көргөндөй эреркеп кетти. – Апа-а?! Кана, баары жакшы болгону?! Кана, мени сүйгөнү?! Кана, элден корккону?! Ажаан болсоң эле коркот, эч жакка кетпейт дечү элең го! Тигине, эми Алымканына кетип баратат! Мени анчалык жакшы көрбөйт. Ал жөн гана мени алдайт. Баласы үчүн алдайт! Элге шерменде кылбасын деп алдайт! Мени эмне, билбейт дейсиңби?! Үүүү… Апа-а?! Мен тажадым минтип жашагандан! Мен жалгыздыктан тажадым! Үү-үү…

Алымканы дудук болуп калганда экөөбүз сүйүнбөдүк беле?! А тиги менден качып барып, ыйлап жүрдү го?! Мени билбейт, сезбейт деди ал. Ансайын ичимде ит өлүп жүргөнүн эмнеге сезбейт ал?! Баарын сезген эме эмнеге менин канчалык жакшы көрөрүмдү, ошон үчүн кызганарымды, ошон үчүн тажаалданганымды билбейт! Үү-үү… Алымканы өлүп калган жеринен эми Асан тирилтип алыптыр го?! Эмнеге антти, апа?! Эмнеге балам мени аяган жок?! Эмнеге?! Мен эми кантем, айтчы?!. Андай кыйын болсо, сени эмнеге тирилтип беришкен жок мага?! Үү-үү…”

***

Касен табып Элик-Жонго келди.

Ыраматылык Акбай карыя да көп учурда ушул жерде боло турган. Жондо отуруп, алаканга салгандай көрүнгөн айылга, тегерекбелге көз салып, көп маселени ушул жерден чечип келчү. Көпчүлүк менен кеңешип-кесер ишти да айылдын аксакал-көксакалын бу жерге чакырып, өткөн менен кеткенден кеп салып, кулактын кумарын кандырып отуруп анан маселенин ток этер жерине токточу. Карыянын кудум ыр айтып жаткансып куюлушкан жагымдуу кебине кулак төшөп, муюп клышар эле баары. Жада калса тестиер балдар да мурдуларын улам “шуу” эттире тартып коюп, былкылдабай отура беришчү.

Айрыкча, Акбай карыя комузун көтөрүп жөнөп калганда тестиерлер бири-бирин чакырып, жылаңайлак, жылаңбаш чуркап калчу эмес беле. Алардын арасында Асан да боло турган. Акбай карыя нускалуу, нарктуу жан эле, кайран киши! Эми бүгүн ошондой кишинин жоктугун айт. Карыганда адамдын баары эле жакшы карый албайт экен көрсө. Акылмандык, асылдык, аксакалдык – баарынын эле колунан келе бербейт окшобойбу…

Элик-Жондо отуруп, ушуну ойлоду Касен. Былтыр күздөгү окуяны эстеди. Ошондо алакандай айылга аңырбай, Кыдый сыяктуу беш-алты эле киши, болгондо да пайгамбар жашынан өтүп, өр таяп эле калган эмелер кыйсыпыр түшүрүп, Асылбекти үй-бүлөсү менен тирүүлөй өрттөп ийерде… жыландар ордосу менен каптап келип сактап калышкан.

Акбай атанын ошондогу, ай жарыгында этек-жеңи делбектеп, Элик-Жондон түшүп келе жаткан, андан кийин дүрбөп алган элди токтото албай, башынан тебетейи ыргып, өзү топуракка оонап жыгылып, жерде үч бүктөлүп жаткан элесин көрдү. “Кечириңиз?.. – деди кудум Акбай карыя алдына келип калгандай башын жерге салып. – Кечириңиз? Сизге канчалык жан тартып турсам да, ошондо мококтук кылып, өз кара жаным менен кулагымдын тынчтыгы үчүн тилимди тишиме каткан алсыздыгым үчүн кечириңиз?..”

Качантан берки бугун чыгарып, катачылыгынын баарын ошону менен жууп салгысы келгендей, эки ийнин сүлкүлдөтө ыйлап алды. Алымкан, уулу, Кызмончок калган тарапка кылчайып карады.

Айылдан, эң негизгиси атасынан жооп күтүп, Жинди-Чаптын үстүндө жаткан уулуна эртең бала чаптырып, “бар” же “жок” деген жообун айттырышы керек. “Ушундайда акыл кошор бирөө-жарымдын жоктугун кара, капырай! “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” деген ушул белем?..” – деген Касен кеңешип-кесер адамды көрө албай койду. Анын үстүнө кимдин болбосун жообу: “Жогот де, кокуй! Жолотпо! Абылайдын катын-баласы эмне болгонун көрүп жатпайсыңбы!” – деген сөз болорун билип эле турат. Бирок анда баласын кантет? “Жаштык – мастык” дейт, карманар жалгыз баласы, караан-бутагы, кагылып-согула элек неме таарынып, чындап эле жоголуп кетсе кантет?Ансыз да Кудайым сыр көрсөтүп, тигинтип учуруп барып алып барып, ошолорго кошуп коюптур… Эмне кылсам? “Алып келе бер!” – десем, энеси да киши өңдүү эмес. Сайрадан кыйын кастарын тигип, келинге душман болуп алсачы?..

Абылай менен катыны го, Кызмончоктон кутулганына кубанар. Ал эми Бектемир эмне болот? Ачуусу менен талагын берип, коё берип ийип… Эмнеси болсо да баары Кудайга аманат. Калганын да көрө жатарбыз!” – деген Абылай бир бүтүмгө келгендей башын көтөрүп, түнкү айдарым абага жүзүн тосуп, көкүрөк кере терең-терең дем алды.

Тезирээк эле таңдын атышын каалап кетти. Так ушул жерге айылдын улуу-кичүүсүн чакырып, Кызмончокту үйүнө бүлө кылып кабыл алууну чечкенин айтып, андан кийин тыңыраак эки баланы өзүнүн кара жоргосуна мингизип, уулун карай чаптырууну ойлоду. “Ага чейин, баарынан мурда Абылай менен акылдашып, оюн угайын, Бектемирдин да алдынан өтөйүн…

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.