Президенттик кызматка талапкерликке альтернатива бар, а тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке альтернатива жок

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстан чоң саясый окуя алдында турат. Президенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Президент Алмазбек Атамбаев таза шайлоонун кепилдиги болуп берерин, президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын президенттик шайлоогочейин да, шайлоонун жүрүшүндө да улам кайталап айтып, элди добушун сатпоого чакырып кележатат.

Президент укук коргоо органдары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде жана президенттик шайлоолор өткөрүлгөн күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардыкчараларды көрүүгө тийиш деп эсептейт. Анын өзү Президент айткандай, жарандардын “туруктуулуктун жана коопсуздуктун шарттарында өз эрки менен эркин добуш берүүгө укуктарын ишке ашыруу үчүн” маанилүү шарт экени айтпаса да түшүнүктүү.

Президенттик шайлоолор өтөт кетет. А тынчтык жана ынтымак, биримдик түбөлүктүү, мамлекеттин негизин тиреп турган түшүнүктөр эмеспи. Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон бул чоң саясий окуяда элибиз эч бир провокацияга жол бербей, татыктуу адамды президент шайлап алат деген ишенич чоң. Президенттикке көп талапкер катталып, ат салышып жатат. Президенттик кызматка талапкерликке альтернативалар болсо да, тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке эч качан альтернатива болгон эмес. Демек, эгер талапкерлердин штабдары тарабынан баш аламандык уюштуруу аракеттери аныкталса, чагымчылык, кутумчулук жоруктарга барса, анда ал талапкер мыйзам алдында сөзсүз түрдө катуу жазага тартылышын кепилдик кылуу керек. Бул ир алды Кыргызстандын жана анын элинин кызыкчылыгы, келечеги үчүн керек, бул кийинки тарыхка сөзсүз сабак болуп калмак.

Акыркы 26 жылда шайлоого ишенбестик пайда болгону, кайдыгерлик жаралганы айтпаса да түшүнүктүү. Адатта, үмүт акыркы болуп өчөт дейт. Ырас, мамлекет жана мамлекет башчы шайлоонун таза өтөрүнө жана административдик ресурстар колдонбостугуна кепилдик берип жаткан соң, Кыргызстандын ар бир жараны президенттик шайлоо күнү үйүндө үңкүйүп жатып албай, шайлоо участогуна келип, өзү колдогон талапкерге добуш бергени оң деп ойлойбуз. Борбордук шайлоо комиссиясы бул багытта өз аракеттерин жасап, элди шайлоого келип катышууга үндөп жатат. БШК басма сөз кызматы КР Президентин шайлоонун гимни менен «СЕНИН ДОБУШУҢ – СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ!» урааны астында үгүтпоезд сапар алганын билдирди.

Айтымда, үгүтпоездин негизги максаты: Президенттин ыйгарым укуктары, добуш берүүнүн купуялуулугу, добуш сатууга каршы аракет, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугуна көңүл буруу – “Кошунаңды ээрчите кел”! жөнүндө маалымат таркатуу болуп саналат. “Иш-чаранын катышуучулары шайлоо процессине кийлигишүүгө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын ишенимдүү чыгарууга тоскоолдуктардын жоюлушун активдүү колдоп турушту” делет БШК басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Таза шайлоо өткөрүү үчүн болгон аракеттер көрүлүп жаткандай. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга кайрылуу кабыл алды. Анда КР Президентин шайлоонун босогосунда Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо участокторуна көп сандаган шайлоочулардын келишине байланыштуу кошумча шайлоо комиссияларынын санын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыкканы белгиленип, ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрдү көрсөтүүнү жарыялаган.

Айтор, президенттик шайлоого карата тыкыр аракеттер болууда. Президент таза шайлоого кепилдик берген, кеп эми шайлоочуларда калды. Келгиле, таза шайлоо өткөрүү үчүн ар бирибиз өзүбүздүн жеке үлүшүбүздү кошолу да, президенттик кызматка талапкерликке альтернативалар болсо да, тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке эч качан альтернатива жок экенин эстен чыгарбайлы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *