Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок,-деп кабарлашты КРнын Россиядагы элчилигинен.

Билдирүүгө ылайык, Москванын Строгино районундагы “Синдика” курулуш базарынан чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Эске сала кетсек, кечээ, күндүз Москванын түндүк-батыш тарабындагы Москва айланма автожолунун 65-чакырымында жайгашкан «Синдика» соода борборунан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган.

Булак: «Кабар»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *