Спикер Молошеванын үй-бүлөсүнө өз фондунан 100миң сом жардамберди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын  Жараке айылынын жашоочусу Жумакан Молошовага 4 айлык баласы Жумабекти дарылоого өзүнүн фондунан 100 миң сом жардам берди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Жараке айылынын тургундары – жубайлар Равшанбек Матисаков менен Жумакан Молошованын бешинчи уулу Жумабек 2017-жылдын 26 майында татаал операцияны талап кылган дарт – “Затылочное энцефалоцеле” диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркай өтө жаш болгондуктан операцияны көтөрө албайт, күзүндө, октябрь айында келгиле деп айтышкан.

Беш балалуу үй-бүлө ээлери өздөрүнүн каражаттары чектелүү экендигин билдиришип, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековго бешинчи баласын дарылоого жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

— Наристебиз Жумабек сакайып жакшы болуп кетсин. Сиздердин катыңыздарды алаарыбыз менен жардам берүүнү чечкенбиз. Үй-бүлөңүздөрдө ар дайым балдардын шайыр күлкүлөрү жаңырсын,— деди КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков тапшырган 100 миң сом жардамын алган Жумакан Молошова  кыргыз парламентинин башчысына чын дилинен чыккан ыраазычылыгын билдирди. Жумакандын кайненеси Айтикан Осмонова небересине берилген акчалай жардамы жана колдоосу үчүн КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековго энелик алкышын айтып, ак батасын берди. Беш баланын энеси Жумакан Молошовага КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун  4 айлык наристе Жумабектин дарылануусуна акчалай жардамын тапшырууга КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айтмамат Назаров, Мирлан Бакиров жана Тазабек Икрамов жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышты.

Булак: «Марал»