10-октябрга карата аба ырайы

10-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;

Талас облусунда түнкүсүн + 1… + 6, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн  — 3… + 2, күндүз +14…+19;

Ал эми Бишкек шаарында 10-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +19…+21 градуска жылыйт.

Булак: Кыргызгидромет