«Жеңиш» жаңы конушуна газ берилет

11-майда Бишкек шаарынын «Жеңиш» жаңы конушунун тургундарына газ берилет. Аталган жаңы конушта 1320 тургун газ менен камсыз болот.

Аталган жаңы конушта газ түтүктөрүн орнотуу кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы пландын алкагында ишке ашып, жалпысынан 28,2 млн. сом каражат сарпталды.

Кошумчалай кетсек, аталган жаңы конушту газ менен камсыз кылуу үчүн атайын газ бөлүштүрүүчү пункт ишке киргизилди.