Бакыт Төрөбаев расмий түрдө шайлоодон четтетилди

Президенттикке талапкерлердин бири Бакыт Төрөбаев шайлоодон расмий четтетилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен бириккенден кийин талапкерлигин алып салуу боюнча БШКга арыз жолдогон. Буга чейин Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн жарыштан чыккан. Эми алардын аты-жөнү бюллютенден чийилет.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда шайлоо 15-октябрда өтөт.