Ноокатта УКМКнын эки кызматкери бычакталды

Оштун Ноокат районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) эки кызматкери бычакталып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салгандар изделип жатат. Окуя 9-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы эл аралык террордук уюмдун жашыруун бир бөлүгүнүн ишмердүүлүгүн жоюу боюнча ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Ош облустук УКМК эки кызматкери бычак менен жаракат алышкан.

Учурда кызматкерлердин абалдары туруктуу. Атайын пландын негизинде ЭТУ мүчөлөрүнүн өздүктөрү аныкталды. Кылмышкерлер изделүүдө.

Бул факты боюнча Ноокат райондук ИИБде кылмыш иши козголду.