Шайлоо боюнча республикалык штабды Толкунбек Абдыгулов жететейт

Президенттик шайлоону өткөрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча республикалык штабды биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жететектейт.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, штабды жетекчилигин дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ал эми шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү максатында штаб курамына өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков кирди.

Эскерте кетсек, буга чейин штабды 7-октябрь күнү иш сапары менен Таласка баратып, Бишкек — Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер Темир Жумакадыров жетектеп келген.