Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсүнүн”  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбызда 1-2-китебин сунуштоодобуз.

Жылан токтогон ушул адырдан айыл тарап алаканга салгандай ачык, даана көрүнөт. Адырдын бир өңүрү улам эңкейиштеп олтуруп, этеги түп-түз жайыкка айланат. Андан ары айыл башталып, анча көп эмес үй бүлө түтүн булатат. Ошол үйлөрдүн арасындагы, үстү камыш менен жабылып, терезеси темененин көзүндөй жылтыраган береги жалпак  боз там жыланга өзгөчө жагымдуу. Керек болсо ал өзүнүн ордосунан да жакынcыйт. Анан калса, ошол үйдүн кайсыл жеринде эмне турганы эле эмес, анда жашагандардын кулк-мүнөздөрүнөн бери жыландын эсинде.

Кечиндеси ошол терезеден үрүл-бүрүл, кызгылтым жарык жанат. Жакындап барып карасаң – ортодо бир үзүм от үлпүлдөп күйүп, ошонун жарыгында арыкчырай, каратору жаш аял бир байлам ак жоолугун чекесине тыкчыйтып байлай коюп, шакылдата камыр жайып же чыны-аяк жууп жаткан болот. Үйдүн ээси – узун бойлуу, кең далылуу, шадылуу эркекти болсо жылан чын дилинен жактырат. Кээ бир адамдардай опурулуп-жапырылбай, дайыма токтоо, калбаат. Кечкурун комузун кыңгыратып, кай бирде билегин түрүнө коюп, көпкө чейин күү чертет. Андайда аялы дагы жасап жаткан ишинен баш көтөрө, күйөөсүнө суктана, элжирей тиктеп, муюй калат. Жылан дагы адегенде Кызмончокту туурап, андан кийин чындап эле бүткүл дитин төшөп, Асылбектин маңдайында ийрейип жатып алып, башын кээде-кээде серейтип көтөрө коюп күү укчу. Ушунун баары Жан үчүн айтып бүткүс, керемет учур эле! Баарынан да Кызмончокту айт! Там-туң баскан кезинен эле комуз укканды жакшы көрчү. Атасынын маңдайына тыпыйып отуруп алып, анын бирде каршы-терши ойноп, бирде комуздун кылдарында тыбыраган манжаларынан көз албай, сыйкырдуу жыгачтын боорунан чыккан керемет дүйнөгө кулак төшөчү. Ошондо эле айыл-ападагылар Кызмончоктун баладан башкача зээндүү, зирек экенин айтышчу. Шыпшынып, таң калышчу.

– Капырай, ботом! Ушул кенедей немеге эле асылып калышты! Деги Кудай-таалам пендем десе, баламды жаман көздөн, жаман сөздөн сактаса экен! – деп Сырга андайда эне чымчыктай канаттарын жая коюп, чебелене берүүчү. Кызынын ылдам эле бой жетип, чоңоюшун каалачу.

Бирок Кызмончок бойго жеткени деле элдин көзү менен сөзүнөн кутулушкан жок. Тескерисинче, улам барган сайын ал тууралуу «имиш-имиштер», ушак-айыңдар арбып, бура бастырбай турган болду. Баарынан да кыздын күнүгө бир маал кылактап, жалгыз  тоо ашып  кетиши элге табышмак эле! Адегенде аны байкагандар:

– Баягынын кызын чын эле жин даарыганбы, капырай! Чак түштө эле кыр ашып, жалгыз кетип баратат! – десе дагы бирөөлөрү:

– Жок, анын көрүмчүлөрү бар экен! Көзүн байлап, ошентип эрчитип кетет экен! – дешчү. Акыркы убактарда андай имиштер шоона эшпей калып:

– Жок, кокуй! Кызмончок жыландын тилин билет дейт! Элден алыстап, ээндеп барып өзү да жыландын кебин кийет дейт! – деп, атургай:

– Бетиң түгөнгү-үр! Кызмончок кош бойлуу экен! Жыландан боозуптур! Ай-күнүнө  жеткенде ажыдаар-аялга айланат имиш! – деп үрпөңдөшүп, алда неден кооптонгондой акырын-аста сүйлөшүп, күбүң-шыбың болуп, ушакчылардын күнү тууп, баарынан да Асылбекке көөнү бузуктар кудуңдап, котур ташын коюнга ката башташкан! Ушуларды ойлогон жылан эми күүгүм кирип, көз байланаар убакытты күттү.

Денесин солкулдата терең дем алып, бир чети өзүн алаксытыш үчүн, бир чети өткөн-кеткенди дагы бир жолу таразалап, электен өткөрүш үчүн буга чейинки өмүрүн бүт көз алдынан чубатууга өттү.

Ооба, так ушул сомодой болгон ак жылан анда ийрелеңдеген ичке, бала жылан болчу! Кызмончок да баса элек, эмчектеги наристе эле. Экөөнүн ынактыгы ошол ымыркай кездеринде башталып, улам барган сайын алардын ымаласы өздөрү да түшүнүп-түшүнбөгөн бир ынак сезимдерге жуурулушуп, көкүрөктөрүндө акыры сөз менен айтып жеткире алгыс арман болуп көөдөндөрдө уюган. О, бул экөөнүн башынан не деген гана керемет күндөр өтпөдү! Түбүң түшкүр бу жалгандын маңдайга жазган жазуусу, ким-кимдин өз тагдыры, эки айрылыш жашоо жолу болбогондо, бири – адам, бири – айбан экенин эстерине да албай, экөө балким бир сүйүү сезимине баш ийип, эрчишип дүйнө кезип, ааламды айланып ак уруп кетишет беле?!. Атаганат десеңчи! Бул жарык дүйнөгө жаралган соң, анын мыйзам-ченемине баш ийүү парз. Демек адам – адам бойдон, айбан – айбан бойдон калганы жакшы. А бирок алар аны убагында ойлоп коюптурбу? Каяктан?!. Айткандай эле, бул окуя минтип башталган…

* * *

Белден келген бетегенин ичинде безилдеп ойноп, соймолоңдоп келатты бала жылан. Деги эле анын элпектигине, тентектигине эмне бересиң! Анан калса, башка жыландарга окшобой, башкача бул! Жерден боорун көтөрүп, жашоонун жарыктыгын боолгогон эң алгачкы учурдан эле эмнегедир адамдар тарапка ыктай берет. Энеси адегенде чочулап, аркасынан акмалап ээрчип жүрүп тажаган соң, акыры тим койгон.

Кооздукту, сулуулукту жактырган бала-жылан учуп-күйүп келатса да токтоп, чепейип баш көтөрө калып булактын агымын тиктеп, шыңгырын угат. Кызыл-тазыл гүлдөрдү аралайт. Адамдардын конушун, жайытын акмалайт. Эки аяктуу, төрт аяктуу бу жандыктарды эмнеге жакшы көрөрүн, бирок өзү да билбейт. Айрыкча, жайлоого ушул үй-бүлө көчүп келгенден баштап, бала жыландын күнү тууду. Ар күн сайын эртең менен эрте, күн менен тең жарышып келет да, обочорооктогу таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып алат. Таштын бийиктиги буга жакшы. Көздөрүн жылтыратып, көпкө чейин анан айлана-чөйрөсүн, айрыкча адамдардын бар кыймылын, баскан-турганын кызыгып карай берет. Анткен менен көп нерсеге акылы жетпейт, көп нерсеге түшүнбөйт. Ошон үчүн го, анын бардүйнөсүн сырттан туюп, билип, карап турган адамга анын  бүт денеси: «Эмне үчүн?» – деген ийрийген ичке суроодон бүткөнсүп көрүнмөк.

Кээде ошол таштын үстүндө үргүлөп да кетер эле.

Баарынан да ага жакпаганы – эмнегедир андан баары коркуп, үркө беришкени. «Эмне үчүн?! – бул суроо кайрадан ийрейип чыга калат. – Мен аларга эмне, жамандык кылдымбы?!.»

Жок. Тескерисинче так түйүлүп секирген козу-улакка, такыраң-таскак салган кулун-тайга кошулуп ойногусу, тээ учу-кыйры жок алыс-алыстарга зымырап жарышкысы келет. Бала-жылан,  жада калса, үстүнөн учуп өткөн канаттуу кушка суктанат. Куйрук-башын жерге тыпылдата чапкылап, кудум кошо учуп кетүүчүдөй умсунуп, умтулуп калат! А бирок аны эч ким түшүнбөйт. Ойноп, оттоп келатышып эле так ошол жылан жаткан таргыл ташка жеткенде «ойт» беришип, «дыр-р» коюп качышат.

Адам баласына да бир-эки курдай бетме-бет жолукканы бар. Бир жолу ойноп, алаксып келатып боз үйгө жетип калыптыр. Үйдүн эшиги түрүлүп, түндүгү ачык. Ичкериден казан-аяктын кылдырттаганы, адамдардын кобур-собуру, арасында аялдын шаңкылдап күлгөнү угулат. Аларга кошул-ташыл баланын үнү чыгат.

Селейип тыңшап, катып турду бала-жылан. Атүгүл көптөн бери ымала санап жүргөн ушул үйгө мына-мына, азыр кирип баруучудай, канча ирээт обдулуп барып токтоду. Аңгыча эле үйдөн капыл-тапыл адам чыга калбаспы! Экөө тең нес боло, бир топко чейин бири-биринен көз ала албай, өң-алеттен кетишип, бири-биринен коркуп кетишти.

Асылбек көп эле жылан көргөн. Бирок бул жылан андагылардан таптакыр башкача – ак жылан болчу. Узундугу эки-үч эле карыш келген бала жылан! Асылбек деле эгер көз токтотуп караса, чыбыктай болгон неменин зыяны жок экенин байкайт беле?!. Көздөрүнөн көрөт беле?! А бирок антүүгө Асылбектин кудурети да жетпей, шашып калды. Анын үстүнө так босогонун алдында үйдү карап, алда неге ынтызар турган бу жылан Асылбекке бүткөн бойду «дүр-р!» эттирген жагымдуу да, жагымсыз да, түшүнүксүз сезим калтырды. Тээ качантан түшүнө кирип, жүрөгүн түпөйүл кыла берчү, же жакшыга, же жаманга жорурун билбей жүргөн аяны ушул окшоп сезилди…

Бала жылан да адегенде алдастай түшүп, адам баласынын бар кыймылынан көз албай, теше тиктеди. Бул – экөөнүн тең өмүрүндөгү биринчи арбашуу болчу. Так ошол тикирейе тиктеген калыбынан жазбай, бир убакта адам баласы артында, үйдө жөлөнүп турган жыгач саптуу, миздүү темирге кол узатты да, бат эле анан жалаңдаган ошол темир так төбөдө ойноп, жыланды көздөй учуп келатты! Буйтай качты бала жылан. Көз ирмемдин ичинде болуп кетти, ушунун баары! Жерге тийип «чак!» эткен ачуу үндү жылан алыстап барып укту. Күрөктүн мизи жерге капортосунан бата түшкөн болчу. Бала жыландын мойну кыйылып калмак азыр. Шамдагайлыгынан калды го. Учуп-күйүп, келген жагын көздөй безилдеп жөнөгөн бала жылан таарынды адамга: «Ага эмне жамандык кылдым мен?!.» Ушуга жооп таба албай, бушайман болуп баратты. «Чоң жылан болгонумдабы!..» – ичинде ошентип кекенгени менен, чоң жылан болгондо деле адамга анчалык акарат кыла албай, атурсун ага байланып, адам менен айбанды ажырата албай калган белгисиз бир улуу күчкө арбалып калаарын анда ал каяктан ойлоду?.. Ошол калыбында жүрүп отуруп, орчук таштуу аскасына жеткенде гана артына бир кылчайып карап алды. Бир далай жерди кантип басканын, канча убакытта келгенин билбей калды. Ызаныкы го?!.

Бу кезде күн тоонун аркы бетине жашынып бараткан. Жыландын көзү жеткен бул аймактын жарымына күн тийип, жарымына эчак көлөкө түшкөн. Аздан кийин айлананы күүгүм басат. Ошол күүгүм коюуланып отуруп караңгы түнгө айланат. Тирүү жан түгүл, ай-ааламың анан акырындап уйкуга баш коёт. Дүйнөнү жымылдап, мемиреген тынчтык каптайт. А бирок бала жылан аны каалабайт! Эмнегедир эле анын дүйнөсү жарыкчылыкты, күндү эле самай берет. Дайыма эле тирүүлүктүн, кыймылдын болуп турганы кызык ага. Анткен менен, таңдан кечке жаны тынбай соймолоңдой берип, чарчап калганын өзү да туйбайт.

(уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.