11-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык, 11-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градус,

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 20…22 градуска жылыйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *