Футбол: Мьянма — Кыргызстан оюнунда 2:2 менен тең чыгуу катталды

Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Бул оюн 2019-жылдагы Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна тандоо оюндарынын алкагында (4-тур) 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwanna стадионунда өтүп, 2:2 эсебинде аяктады.

Буга чейин аталган эки команданын ушул жылы 4-сентябрда Бишкекте боло турган беттеши коопсуздук маселелеринен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган.

Учурда Кыргызстан «А» тобунда төрт упай менен үчүнчү катарда бара жатат. Биринчи катарда Индия болсо, экинчи катарга Мьянма курама командасы жайгашты.