Бишкектеги жаңы магистралдык жолдун узундуг 4,8 чакырымды түзөт

Бишкекте дагы бир магистралдык жол курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган магистрал Ахунбаев жана Садырбаев (мурдагы Бах) көчөлөрүнөн башталып, Сокулук районунун Ак-Ордо конушуна чейин созулуп, узундугу 4,8 чакырым, туурасы 15 метр болот. Ошондой эле жолдун эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр үчүн 2 метрлик тротуар салынып, жол чырактар орнотулат.

Муну менен Ахунбаев көчөсү узарып, бир катар жолдордо тыгындар азаят деп пландалууда. Жол салуу үчүн 200гө чукул мыйзамсыз объектилер бузулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *