Жаңылыктар

Жээнбек Кулубаев ЕККУнун Башкы катчысы жолугушту

20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмиддин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле аймактык күн тартибиндеги маселелерди, атап айтканда, Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстерди, ошондой эле бүгүнкү күндө региондогу мамлекеттердин алдында турган чакырыктарды жана коопсуздук коркунучтарын талкуулашты. Министр Ж.Кулубаев ЕККУнун Башкы катчысын Душанбеде өткөн консультативдик жолугушуунун алкагында Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн мамлекет башчыларынын жакында өткөн жолугушуусунун жыйынтыктары менен тааныштырды.

Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча тараптар кызматташтыктын жетишилген деңгээлине канааттангандыгын билдиришти. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри ЕККУга демократиялык процесстерге колдоо көрсөтүп, өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдеп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

0 Поделились