Аксы районунун Өлөң-Булак айылында жер көчкү жүрдү

Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында 9-май түнү саат 05:00 чамасында Өлөң-Булак айылынын Топок кесиминде көлөмү болжол менен 4800 м3 болгон жер көчкүсү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, кыйроолор жок. Көчкү түшкөн жерден жакынкы турак үйгө чейинки аралык 200-300 метр.

Эске сала кетсек, 1990-1991-жылдары Топок кесиминдеги 11 турак үйгө жер көчкү коркунучу бар деп табылып, жеңилдетилген ссуда жана жер участоктору бөлүнүп берилген, бирок көчүп чыгышкан эмес. Тургундарга 2017-жылы кайталап эскертүүлөр берилген.

Кошумчалай кетсек, 10-май күнү Аксы районунун администрация башчысынын орун басары, ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, Кашка-Суу айылдык аймактын башчысы жарандык коргоо комиссиясы менен биргеликте жер көчкү түшүү коркунучу бар деп табылган Топок участкасында жайгашкан 15 турак үйдүн тургундарын, туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүп чыгарышкан.