Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Балдар келгиче анан урук-тууган менен тойго камынып, баламды жер каратпай бетин ачып, элдин батасын алып… Андан кийинкиси дагы Кудайга аманат. Баарыбыз бир пикирге келип турак, энеси деле кайда барат? Кандай болгон күндө да эне эмеспи…” Каяктандыр кыңылдаган үндү эшите калды. Кулак түрдү. Аялдын ыйына окшоду. Этек-жеңин кагына ордунан туруп, үн чыккан тарапка басты.

– Ким, ой?! – үн катты Касен. – Кимсиң?! Аялдын үнү “тып” басылып, тынчып калды.

Тек гана кулагына угулуп жаткандай, кулак-мурун кескендей жымжырттык…

Эки колун аркасына алып, кабыл алган чечимине канааттанган кыязда эми батбат шартылдай басып, айылды карай түшүп кетти Касен.

***

Жана жыгылган боюнча бүктүшүп жаткан аял башын араң көтөрүп, Касендин карааны көрүнбөй калгыча карады. Табылгасын кимдир бирөө менен бөлүшүүгө шашып бараткандай эки этегин делбектетип, үйдү карай арышын кенен-кенен таштап кетип бараткан эрине эмнегедир ичи жылыды.

Ошол жылуулук бүт тулку боюн ысытып бараткандай, жаны жай алып, барган сайын магдырап, көзү жумулуп бараткан болчу… Айлана-тегерекке ак жарык түшүп, ордунан жеңил туруп, кызыл-тазыл гүлдөрдү аралап, кайдадыр кетип баратты анан… Эки ууртунан күлкүсү төгүлүп, канат бүтүп калгандай башкача бир жеп-жеңил, бактылуу болуп алыптыр. Алыста аппак кийинген кыз-келиндер кол булгалап чакырып, бул жакындаган сайын улам арылап, кудум абада калкып бараткандай буттары жерге тийбей, шарактап баратышат.

– Жаңылай?! – дейт аңгыча тааныш үн.

– Чоң энемдин үнү го?! Эне?! – айланыптегеренип чоң энесин издейт.

– Кайда баратасың, ботом? – арт жактан угулат үн. Алыстан үрүл-бүрүл элеси көрүнөт.

– Үйүңө барбайсыңбы? Касениң издеп жатпайбы! Капырай, эмне болуп калгансың, карыганда?! Бала болуп кеткенсиңби?

– Карыганда?

– Кудай карытсын балам. Карылыкка жеткирсин. Асаның колукту алам деп, кайнене болгону жатсаң… Камынбайсыңбы, ботом!

– Кайнене? Кызмончоккобу? Эмнеге сиз да ушинтесиз? Эмнеге мен бактысызмын, чоң эне? Жаңылай үнүлдөп ыйлай баштайт.

– Балакетиңди алайын. Сенин бактың башыңдан чоң. Ошону билбей жатпайсыңбы. Кандай жерге бардың, адамга туш болдуң, карачы?

– Сиз муну мен күйөөгө кетип жатканда айткансыз. Кана, ошол бакыт? Ошондон бери эле ыйлап, куурап келе жатам го?

– Сен өзүңдү-өзүң кууратып жатпайсыңбы? Капырай, кызгануунун да чеги болот. Же Касениң башкаларга окшоп, үстүңө бирөөнү киргизип койдубу? Ойлончу. Жакшы аял – жаман эркекти орто, орто эркекти мыкты кылат. Ал байкуш эле жыргап жүрөт дейсиңби? Катындан бак айтпаса, кай эркек жыргап кетиптир? Жакшыны – жакшыдай күтүп алыш керек, балам. Сен канчалык жакшы болсоң, башыңарга бак конот. Ыркырап эле турсаң, койнуңдагы эриң эмес, башыңдан– бактың, үйүңдөн – ырыскың качат. Аял – жердей көтөрүмдүү, кечиримдүү болуш керек. Ушунун баарын жанагы келин кылды, кирише берип…

“Жанагы келин” дегени – Жаңылайдын өз энеси болчу. Небереси дагы бир нерсе айтып, жооп бергиче:

– Бар, балам! Батыраак үйүңө бар! – деди да, шарт бурулуп көздөн кайым болуп кетти.

– Эне-е?! – ыйлап ойгонду аял. Эми элеки ысып-күйүп жаткан денеси муздап, үшүп калыптыр. Колу менен бекем басып жаткан жеринен кан жыбылжып агып, бир ыптасы чыланып кетиптир.

***

Касен келип эле аялын таппай калды. Чай кайнам күтүп отуруп, санаасы чыдабай сыртка чыкты.

Үйдү айланып-тегеренип, карап:

– Жаңылай?! – деди.

Жооп болгон жок. Эсине Элик-Жондогу үн “тык!” эте түштү. “Баягысын аңдымайын карматкан экен, – деди адегенде ачууланып.

– Адат деген калбайт экен…” Буйдалбай ошол тарапты карай басты эми.

“Анан сеники туурабы?” – деди жолдо баратып экинчи бир туюму кайра. Жаңылайдын жанагы кирбиңдеп, күнөөсүн мойнуна алып калганына да ичи жылыды. “Анын кыялжоругун, кызганчаак экенин билесиң. Бир жагынан баласын ойлоп, аларга Кызмончок кошул-ташыл болуп… Болгон мүнөзү, түшүнүгү ошол болсо кантсин, бечара? Антип турса сен да бир ооз үн катпай, баса бербедиңби… Ар демени ойлогондур да, издегендир. Бирок, демейде менден мурда келип калчу эле үйгө. Эмне болду десең? Же баласын издеп, Жинди-Чапка кетип калдыбы?..”

***

Бир ыптасын кош колдой мыкчыган Жаңылай улам туруп, улам жыгылып, кээде боортоктоп боору менен жылып отуруп, бир далай жерге келди. Анда-санда:

“Касе-ен! – деп кыйкырган болот. – Аса-ан?” Бирок алы кетип, муун бошоп барат. Шыбырга айланган кыйкырыгын өзү гана угат.  Ошол маалда кандын жытынан го, бирэки ит шимшиңдеп келип, кайра кетти. Аларды көргөн сайын заманасы тарып: “Я, айланайын Кудай, ушул жерде өлүп калып, ит-кушка жем боломбу? Тирүүлөй кардымды жарып, үзүп-жулкуп жеп кетишсе кантем?!

Жок, кантип эле ушундай болсун? Кантип эле баары ушинтип бүтүп калсын?” – деген ой айланчыктайт. Ансайын чымырканып, тиштенип, алдыга жылат. Үйү, жылуу төшөгү, алдуу-күчтүү кези көзүнөн учат. “Кокус өлүп калсам эмне болот? Касендин катыны талаага барып жарынып өлүп, ит-кушка жем болуптур дешер?”

Короосуна боз үй тигилип, Касен менен Асандын эки колун бөйрөгүнө алып, өкүрүп ыйлап турганы элестейт. Башкаларга эмне, ичип-жеп алып кетип калышат. “Жаңылай андай эле, мындай эле” деп кеп кылышат…

Мага ошол экөө эле күйөр… Бирок өлгөндүн артынан ким өлмөк эле, алар деле бир күнү сууйт эмеспи. Ким-кимиси өз күнүн өзү көрүп…

Асан катын алса, бат эле алаксып унутат. Энени ким эле эстеп жүрүптүр. Мен деле жашап жүрбөймүнбү, жалгыз карманарымдан айрылып. Касен болсо канчага жалгыз чыдайт дейсиң? Алат да алчусун. Болгондо да Алымкандын колун сурап барар…”

Жок! Мындай жашоону каалабай кетти ал. “Ой, Кудайым ай, ушунун баары түшүм болуп калса эмне? Анда жашоону сүйүп, өмүрдүн ар бир ирмемин сүйүп, Касенди кадырлап, сыйлап алат элем! Мейли, балам деле Кызмончокту алса мейли дейт элем. Андан аркысын алар менен чогуу көрөт элем…”

Анын ушул үнү Кудайга жеткендей, жакын эле жерден Касен:

– Жаңылай?! – деди. – Кайдасың, Жаңылай?!

Жаңылай болгон күчү менен:

– Биякта-а! – деп кыйкыргандай болду.

Бирок анысы сыртка чыкпай, ичинде калды. Жандилинде далбастап жатып, араңдан зорго колун өйдө көтөрүп, бирок бат эле кайра таштап жиберди. Жаңы эле ошол туштан өтүп бараткан Касен “селт” этти. Адамдын онтогон добушун эшитти.

– Жаңылай?!

Кыңылдап, кыңкыстаган Жаңылайды аңыздын ичинен тапты.

– Жаңылай?! Эмне болду сага? – сулк жаткан аялынын башын көтөрүп, денесин сыйпалап жатып, колу капилет бычакка урунду.

– Бул эмне?! Бул эмне кылганың?!– калдастап калды. – Олда, шордуум, ай!

(Уландысы бар)

 

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *