Ат-Башыда 11 жаштагы кыз өз жанын кыйды

Нарындын Ат-Башы айылында 11 жаштагы окуучу кыз муунуп каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынан маалымдашты билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу милицияга кабар 9-октябрда түшкөн. Райондук бөлүмдүн кызматкерлери окуя болгон Казыбек айылына барганда 2006-жылы туулган окуучу кыз үйүнүн мончосуна кирип, жоолукка асынып алган жеринен табышкан. Кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, тил кат жазып беришкен.

Учурда бул окуя боюнча Ат-Башы райондук Ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *