16-октябрга карата аба ырайы

16-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…10, күндүз 19…24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8 …10°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24°.