Өмүрбек Бабанов шайлоонун жүрүшүн анализдеп туруп үн катарын айтты

Президенттикке ат салышкан Өмүрбек Бабанов 16-октябрда, маалымат жыйын уюштурат. Бул тууралуу анын шайлоо штабынан кечээ шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкандан соң билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бардык фактыларга анализ жүргүзүлүп жатканы айтылган. Ошондой эле мыйзам бузуулар жана электрондук урнанын алдын ала маалыматтарындагы дал келбөөчүлүктөр боюнча иш жүрүп жатканы белгиленген.