Өкмөт башчынын басма сөз катчысы дайындалды

Урмат Кабылова Кыргыз Республикасынын премьер-министринин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.