Ардагер балбандар күрөш боюнча дүйнөлүк мелдештен төрт медаль менен кайтышты

Кыргызстандык ардагер балбандар күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта төрт медаль жеңди. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-октябрдан 15-октябрга чейин Болгариянын Пловдив шаарындагы дүйнө биринчилигинде ардагер спортчулар грек-рим жана эркин күрөш боюнча ат салышкан. Мелдешке Кыргызстандын атынан 10 балбан барган.

Чемпионатта Чынарбек Изабеков, Нурдин Дөңбаев жана Айсабек Полатбеков күмүш медаль утса, Апты Инаркиев коло тагынды.

Былтыркы мелдеште коло тагынган экс-министр Мелис Турганбаев бул жолкусунда байгесиз калды.