Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды

Казакстанга Кыргызстандан сүт продукцияларын ташып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Маалымат жана коммуникация министрлиги билдирди.

Маалыматта бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүү иштери пландык негизде жүрүп, көзөмөл ЕАЭБдин талаптарын аткаруу жана мыйзамсыз импортко жол бербөө максатында аткарылып жаткандыгы айтылган.

Ошондой эле, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнү билдирилген.

«Бүгүнкү күндө сүт өндүрүүчү кыргызстандык беш ишканага Казакстанга продукцияларын ташып кирүүгө тыюу салынды. Алардын продукцияларын алып киргенде эреже бузуулар аныкталган. Ошондой эле кыргызстандык эки ишкананын кээ бир продукциялары лабораториялык тыкыр көзөмөлдөн өтүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

13-октябрда «Карасу» бекетинде ветеринардык сертификатын толтурууда эреже бузган деп тамак-аш продукциясын алып бара жаткан бир унаа кармалган. Ага 226 900 теңге айып пул салынып артка кайтарылган.

«Күчөтүлгөн ветеринардык көзөмөл башталгандан тартып Кыргызстандан товар ташыгандардын жана транзиттин саны кескин кыскарган», — деп айтылат билдирүүдө.

Булак: «Спутник»