Путин Жээнбековду КР президенти катары шайланышы менен куттуктады

16-октябрь күнү алгачкылардан болуп Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Путиндин телеграммасында, добуш берүүнүн жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун элинин ичиндеги кадыр-баркынын бийик экенин далилдеди жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык маселелердин чечилишиндеги анын эмгектерин баалаганын билдирди, — деп жазылган.

Ошондой эле В. Путин эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон салымы үчүн Сооронбай Жээнбековду Россияда баалай турганын белгилеген.

Россия мамлекет башчысы аймактык коопсуздук жана туруктуулук бекемдөө багытында Кыргызстан жана Россия эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө биргеликте иш алып барып, ошондой эле ЕАЭС жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү мамилелердин өсүшүнө ишеним арта турганын кошумчалаган.