Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөнбек ШЕРИМБЕКОВ: «Чыныбай Акунович 100 орундуу бала бакча курдуруп берди»

 

Жыпар АКУНОВА, «Кыргыз Туусу»


– Дүйшөнбек Казыбекович, сиз жетектеген айыл өкмөтү Нарын облусундагы алдыңкы айыл өкмөттөрдүн катарында экен. Айыл өкмөттүн башчылыгына шайланганда ишти эмнеден баштадыңыз? Айыл өкмөтүңүздөрдөгү бүгүнкү абал, бүткөрүлгөн иштер тууралуу өз оозуңуздан уксак…

– Айыл өкмөт башчылыгына өз талапкерлигимди койгон мезгилде эле айылдык кеңештин депутаттарына 2013–2017-жылдарда айыл өкмөттү өнүктүрүүнүн Стратегиялык программасын түзүп, сунуштагам. Программага айылдын инфраструктурасын оңдоо, социалдык маселелерин чечүү, айыл чарбасынын маселелери, техникалык сервистерди уюштуруу боюнча бир катар маселелер бар болчу. Азыр артка кылчайып карасам ошол өзүм убада берген долбоорлордун 80-90 пайызын аткарганга жетишиптирбиз.

Ал эми кайсы маселени биринчи чечишибиз зарыл, эртең кайсы ишти бүткөрөбүз, муну биз эл менен, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшкөндө тактап алдык. Анан ишти эң приоритеттүү маселеден баштадык. Биринчи кезекте кайсы көйгөй турат? Бизде 600 гектар жерге суу талап кылынчу. Бирок Кызыл-Зоо – Достук деген атайын суу пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы коктудан келген суу ташкыны жанагы 1 км. жердеги лотоктордун бардыгын кум, шагыл менен толтуруп салат. Анан биз аны тазалаганча эки ай убакыт өтөт. Ал мезгил ичинде суу жетпей кыйынчылыктар башталат. Ошон үчүн бул жердеги кыйынчылыкты аныктап алып, Эл аралык Ага Хан фондуна 3 млн. 800 миң сомго долбоор жазып, ошол сел келип, суу ташкындары жайпап кеткен лотоктордун баарын, 1 км. жерди бетон менен куюп чыктык.

Азыркы күндө ал көйгөй чечилди. Айылда Жутакеев атындагы 450 орундуу орто мектебибиз бар. Бул мектеп 1957-жылы курулган, капиталдык оңдоого муктаж экен. Үстүнөн тамчы таамп, терезелери бир кат болгондуктан жакшы жылыбайт. Муну республикалык түрткү берүүчү грантка 2 млн. 980 миң сомго долбоор жазып, мектептин чатырын алмаштырып, капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Анан өзүбүздүн административдик имаратыбыз 1970-жылдары салынган экен, эскилиги жеткен жылуулук системасын оңдоп, терезелерин эки кат, заманбап терезелерге алмаштырып, кызматкерлерибиздин өндүрүмдүү иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүш үчүн долбоор жазып, имаратыбызды капиталдык оңдоодон өткөрүп, компьютер, эмеректерибизден бери жаңылап, ар бир адиске иштегенге ыңгайлуу шарт түзүп бердик.

Азыр кыштын күнү имаратыбыз свет менен да, көмүр менен да жылыйт. Анан бизде союз мезгилинде деле клуб салынбаптыр. Андан сырткары биз 40-жылдарда курулган эски мектепти дагы кайра түрткү берүүчү грантка жазып, 2 млн. 300 миң сом бөлдүрүп алып, бир бурчуна китепкана уюштуруп, бир жагына чогулуш өтө турган 20 орундуу маданият үйүн ачып, ирээтке келтирип койдук. Анын да ичи-сыртын оңдоп, чатырын алмаштырып, терезелерине эки кат терезелерди койдук. Бирок клубда дайыма эле от жагыла бербейт. Бирок “кондектор” деген жаңы система колдонулуп жатпайбы. Ошондой жылытуу системасын киргизип койдук.

Чогулуш же кандайдыр бир иш чара болоордо, айрыкча кышындасы конвекторду кошо коюп, иштетип, чогулушту өтүп алып, анан кайра өчүрүп коебуз. Анан дагы бир жагдай-биздин айылда балдар бакчасы жок болчу. 25 эле бала мектептин бир бурчунда эптеп ачылган бөлмөдө тарбияланып келишкен экен. Бул маселени Жогорку Кеңештин спикери, биздин айылдын кулуну Чыныбай Акунович Турсунбеков биз менен кеңешип туруп, өзүнүн ата-энесинин үйүнүн ордуна өз каражатына 100 орундуу балдар бакчасын куруп, муниципалдык балдар бакчасы кылып түзүп, өткөрүп берди. Бакчанын 50 орундук бөлүгү 2015-жылы курулуп, пайдаланууга берилди эле, 2016-жылы дагы 50 орундук бөлүгү улай салынып, пайдаланууга берилгени турат. Бирок бардык инвентарлары коюлуп, жууркан-төшөгүнөн бери алынып, ачылууга даяр турат. Андан сырткары республикалык бюджеттен айылыбызга долбоору 17 млн. сомдук спорт комплекс салынып атат.

Бүгүнкү күнгө 9 млн. сомдук жумуш аткарылды. Эми дагы 8 млн. сом акча бөлүнсө ушул спорт комплекс бүтүп, элге кызмат кылат деп турабыз. Мындан сырткары эки борбордук көчөбүз кыйын абалда болчу. Анын 1 км. 700 метр бөлүгүн республикалык бюджеттен капиталдык салымдын эсебинен асфальттап алдык. Мындан сырткары өзүбүздүн айыл өкмөттүн стратегиялык өнүгүү программабызга киргизип, 2 борбордук көчөбүзгө 50 түнкү чырак орноттук. Азыр ошол көчөлөрүбүз жарык болуп, жаркырап калды. Санап отурсак ички жолдор, трансформатор коюу, дагы бүткөн иштерибиз көп. Биз өзү дотациядагы айыл өкмөтпүз, ошентсе да бюджетибизди үнөмдөп, долбоорго кошумча өзүбүздүн кирешени көбөйтүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы бир катар иштерди бүткөрүп атабыз. Булар ички жолдор, трансформаторлорду коюу, жайыттарга мал иче турган суу чыгаруу, ички каналдарды оңдоо сыяктуу иштерди бүткөрүүдөбүз.

– Мал көппү?

– Бизде элдин көпчүлүгү мал чарбачылыгы, талаачылык менен алектенишет эмеспи. Бүгүнкү күндө 1609 бодо мал, 2800дөй жылкы, 12000дей кой, эчки катталган. 1800 гектарга жакын сугарма жерибиз бар.

– Айлыңыздарда ичүүчү таза суу маселеси чечилгенби?

– Ичүүчү таза суу жетиштүү деп айта албайм. Себеби 1970-жылдарга чейин курулган суу түтүктөрүн, колонкаларды пайдаланып келгенбиз. Бирок жылдан-жылга элдин саны көбөйүүдө. Айылда жаңы конуштар, кварталдар пайда болууда. Бул маселени караштырып, сметалык долбоорун түздүрсөк 11 млн. сом болот экен. А айыл өкмөттүн бюджетинде мындай каражат жок. Донорлор дагы суммасы көп экен деп бул долбоорду колдобой атышат. Муну мамлекеттик курулушка, жалаң таза суу боюнча долбоорлорго сунуштап атабыз. Быйыл болбосо кийинки жылдары ишке ашырабыз го деген ниетибиз бар. Бизде азыр самотек жок, 73 метр тереңдиктен суу сордуруп чыгып, резервуарга топтоп, элге 3 сааттык убакыт менен берип келатабыз.

– Бул айыл Спикердин кичи мекени экен. Чыныбай Акунович Кыргызстандагы белгилүү ишкер, бай адамдардын бири эмеспи. Айлыңыздарга колдоосу барбы?

– Сөздүн чыны жакшы, Чыныбай Акунович биздин айылга көп эле колдоо көрсөтүп келатат. Жогоруда айтып кеттим, 100 орундук балдар бакчасын куруп, ичиндеги инвентарлары менен толук жабдып, айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берди. Бизде спорт менен машыккан балдар бар. Облустук, республикалык мелдештерде жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүдө. Ошолордун жолун каржылап, облустук, республикалык олимпиадаларда жеңиш менен кайткан, мыкты окуган окуучуларга “Акун” компаниясынын атынан стипендия менен камсыздап келүүдө. Анан спорт залды оңдоп, балдардын машыгуучу жабдыктарын алып берип, айылга көмөк көрсөтүп турат.

– Кандай көйгөйлөрүңүздөрбар?

– Эң биринчи көйгөйүбүз айылыбызды толук таза суу менен камсыздасак дейбиз. Анан элибиз мал чарбачылыгы менен жан сактаган соң малга ветеринардык клиника курабыз деп турабыз. Башта райондун балансында жүргөн ФАП бар эле. Азыр ошол ФАП биздин карамагыбызга өткөн. Ушул ФАПтын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Эл аралык уюмдарга сунуштап атабыз.

– Кандай максаттарыңыздар бар?

– Эң биринчи максатыбыз айыл өкмөттү 2017-2020-жылдарга өнүктүрүү программасын кабыл алдык. Ошол программа менен иш баштадык. Азыркы мезгилде малды идентификациялоону аяктап калдык. Бизде 801 бодо мал идентификациялоодон өткөрүлдү. Райондо биринчилерден болуп, пилотный айыл өкмөтү катары идентификациялоо боюнча семинар өткөрдүк. Мындан сырткары айылды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча бир топ иш-чараларды пландаштыруудабыз. Биздин айылдан 120дай аталарыбыз Ата Мекендик согушка кетип, 90дою кайтпай калыптыр. Дайынсыз кеткендери, келбей калгандары бар. Кайтып келип каза болгондору бар. Ошолорго буга чейин «Эч ким, эч качан унутулбайт», – деген белги уюштурулбаптыр. Аталарга таазим катары «Жеңиш паркын» уюштуруп, келбей калгандардын аттарын жазалы, даталуу күндөрдө эскерип туралы деп, каражат караштыруудабыз. Азырынча тегерегин бакдарак менен тосуп койдук. Таштары кымбатка түшөт экен. Бирок бир белги жасап коелу деген ниетибиз бар.