Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

– Кечир? – аялдын эриндери алсыз дирдир этти. – Мени кечир? Касендин көзүнөн тыпылдап кулаган жаш Жаңылайдын жүзүнө тамды.

– Ыйлап жатасыңбы? – аягандай, ыраазы болгондой сурады аял.

– Сен да мени кечир? – Касен аялын колуна таптак көтөрө коюп, калдаңдап айылды карай келе жатты.

***

Асан Жан менен Кызмончоктун жанына келип отурду. Экөөнүн ортосунда отурган келиндин эки көзү, кулагы Алымканда болгону менен, туюмунда бир жаны экиге тең бөлүнүп, кимисине көбүрөөк ооп, кимисине көбүрөөк тартыларын өзү да биле албай, бушайман болуп кетти.

Жылан тараптан келген эчактан тааныш, боорукер, камкор, сызылып сыздап турган сүйүүнүн мелүүн илеби менен Асан тараптан келген өжөр, аруу, алгачкы сүйүүнүн ысык илеби так Кызмончоктун жүрөк тушунда урунушуп, жол талаша тартылышып, түртүлүшүп, ансайын ал экөөнүн өзүн да, айрыкча Кызмончокту кыйын абалга кептеп, кыл тиштешип турган болчу.

Сыртында тек гана бири-бирине жакын отурган үчөө сыяктанып көрүнгөн булл үчөөнүн бул абалын сезбей, өз дүйнөсүндө өзүнчө түйшүктөнүп отурган Алымкан тизесине башын жөлөп жатып, мемиреп уктап кеткен уулунун маңдайынан сылап отуруп, кайненесинен уккан жомогун баштаган болчу…

…Эмнегедир апам ошол күнү башкача эле…

Көптөн бери төшөктө жатып калганына карабай баш көтөрүп, айлана-тегерекке суктана карап, ал күнү сыртта – өзү жакшы көргөн секичеде жата турганын айтты. Суранычын аткарып, жуунтуп-тазалантып, чыпалактай эки өрүм күмүш чачын сыйдалап өрүп, жаңы кийимин кийгизип жаткырдык. “Апам жакшы болуп калды”, – деп балдарымдын, айрыкча тун уулумдун кубанычында чек жок. Көрсө, бой түзөгөн экен жарыктык.

Ошентип, ошол күнү кечинде апам кол арага жарап калган неберелерине да ишенбей, өз уулун – менин күйөөмдү жиберип, Асылбекти чакыртты. Түн ичинде, болгондо да баарыбызды жаткырып коюп, Асылбекти чакыртышы – таң калыштуу да, кызык да эле. Анын үстүнө, апамдын ичинде эч кимге, эч качан айтылбастай туюлган кандайдыр бир улуу сыр жатканын келген күндөн тартып туяр элем. Айрыкча, апам карып, алдан-күчтөн тайыган сайын ошол сырын эч кимге айтпай, өзү менен кошо алып кетип калабы деп бушайман да болуп жүрдүм. Кээде, апамдын көңүлү жайдары кезде: “Апа, эмнени эле күңгүрөнүп ойлоно бересиз? Мага деле айтсаңыз?” – деп чекесин чыгарып сураган күндөрүм болгон. Андайда: “Ок! Арам какмар, узун кулактыгыңды коюп жүрчү!” – деп чочуп кетчү. Ансайын кызыгуум күчөп кетер эле. Жарыктык киши…

Ошентип, Асылбектин келе жатканын билгенден кийин апам баарыбызды үйгө киргизип жиберип, секичеде өзү жалгыз жатты…

Менде кайдагы уйку? Жолдошум балдары менен уктагандан кийин кайра туруп, шырп алдырбай сыртка чыктым. Асылбек экөө сүйлөшүп отурушкан экен.

Апам абдан кыраакы киши эле да. Менин чыкканымды сезгендей демин ичине жутуп, унчукпай тыңшап калды. Дымып эле калдым. Бир чети билинип калбасам экен деп коркконумдан, бир чети уятымдан эки бетим от менен жалын болуп, ысып кетти. Бирок бул эчактан берки мени таңсык кылган сыр мени ынтызарлыгымдан тайбас кылып койду да. Дабыш чыгарбай жылаңайлак келип, жакыныраак бир жерге далдаланып отуруп, тыңшай баштадым…

Апам Асылбекти жанына жакын отургузуп, ансыз да алсыз үнүн басаңдата, жай сүйлөп жатты.

– Мен бул таңдан чыкпай калдым го. Бирок мен билгенди жер үстүндө бир киши билип калсын дедим… Бирок бу сырды башка эч кимге айтпашың керек, – деди жарыктык киши. Ошондо менде: “Колуна бала кезде келдим эле. Ушу кезге чейин көзүнүн карасы менен тең айланып, кирпигине кир жугузбай багып келе жатам. Неберелерди төрөп бердим.

Апам мага ишенбей, мага айтпай, башка бир адамга, болгондо да эркек кишиге ишенип сырын айтканы эмнеси?” – деген таарыныч да, кызганыч да пайда болду.

– Катының да укпасын. Антпесең, арты жакшы болбой калат, – деди анан. Биякта туруп менин бүткөн боюм “дүр” этти.

– Илгери-илгери тээ Жинди-Чап түшкөн жер көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет… Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура… – деп мына азыр биз отурган жер – ушул адыр, ушул Жинди-Чап тууралуу кебин улады энем, жарыктык.

Алымканды угуп отургандар бүшүркөй карашты. Асандын оюна дароо жанагы отун чогулткан жер элестеди.

Алымкан болсо укканын – уккандай, ал түгүл Бүбү эненин ошондогу каргылданган добушу, ошондогу ыргагы менен эч бир сөзүн төкпөй-чачпай, ырааты менен айта баштады.

Ооба, ал түгүл эненин кай жерден дем алып, кай жерден унчукпай, кай жерден үнү үзүлүп калчудай дир-дир этип барып уланган жеринен бери жатка билчү. Анткени муну ал ар дайым, келме айткандай ичинен кайталап, ичинен угуп жүрөр эле…

– Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшүп, бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, заматтын ортосунда айылды өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишет! Сууда ойногон кызкелиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ошол кыз-келиндердин арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуй баштайт.

(Уландысы бар)

3 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.