Диний фанатизм коркунучтуу илдет

Даярдаган Айида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


Жакында Бишкек шаарында “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген аталыштагы эл аралык конференция болуп өттү. Бир нече мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан мындай ири масштабдагы конференцияны Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөргөн президент Алмазбек Атамбаев: “Дүйнөдө диндин ролун жана ордун жаңыча түшүнүү процесси жүрүүдө. Азыркы замандын чакырыктарынын таасири алдында мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы формалары пайда болууда. Демек, бүтүндөй дин, өзгөчө ислам, бүгүн эң курч талкуулардын предметине айланды”, – деген пикирин билдирди.

Кыргызстандагы ислам дининин орду

Өлкө башчы айткандай эле, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча ислам динине болгон ар кандай оң да, терс дагы маанайдагы көз караштар арбын. Анткени дүйнөдө ислам динине жамынуу менен караламан калкты каран күнгө салып, согуш ачып, бул диндин атын дүйнөгө жаман атты кылгандар да көп. Мына ошол терроризм, экстремизм, радикализм дегендерди ислам дини менен бир бүтүндүктө кабыл алуу, диндин тарбиялык, бириктирүүчүлүк касиеттеринен кыйгап өтүп, аны башка туура эмес нерселерге аралаштыруу, сабатсыздык көп учурларда өзүнүн тескери жыйынтыгын берүүдө жана исламды жамынуу менен кыргыз элине өздөрүнүн салттарын киргизүүнү, баш ийдирүүнү каалагандар да жок эмес.

Кыргыз жеринде исламдын пайда болушу VIII-XIII кылымдарга туура келет экен. Ошондон берки мезгилде ислам дини кыргыз элинин маданиятына, каада-салтына ыңгайлашып, бүгүнкү күндө кыргыз элинин салттуу маданиятынын бир бөлүгү катары калыптанган. Кыргызстан азыр светтик өлкө.

Тилекке каршы, “светтик” деген сөздү дагы кээси туура эмес түшүнүү менен коомчулукту адаштырууга алып келишүүдө. Светтик – бул динди жашоодон өчүрүп таштоо дегендик эмес, болгону светтик мамлекет – бул өлкөдөгү бийлик жөнөкөй, жарандык бийликке таандык болгон, диний уюмдар мамлекеттен бөлүнгөн, бирок ошол эле учурда дин тутуу жана диндик көз караштар эркиндиги эске алына турган мамлекет дегенди түшүндүрөт деп айтылып келет. Азыр Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар жана диний бирикмелердин, дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай светтик дегенди атеисттик деп түшүнүүдөн да алыс болуу зарыл.

Учурдагы саясий, социалдык, экономикалык, руханий өзгөрүүлөр динге кылдат мамиле жасоого алып келди. Эгемен өлкө болгону мурдагы бир партиялык идеология өзгөрүп, ал боштукту ээлөө үчүн көптөгөн күчтөр, ар түрдүү диний агымдар өздөрүнүн таасирин күчөтүүгө аракеттенип келе жатышат. Кыргызстанда динге болгон кызыгуу кескин көбөйдү. Салттуу исламдан тышкаркы диний уюмдар менен диний багыттагы ар түрдүү агымдардын көбөйүшү мамлекеттин мойнуна дагы көбүрөөк жоопкерчиликти жүктөгөндөй. Учурда каттоодо ислам багытындагы 2422, христиан жана протестанттык багыттагы 380ден ашуун диний уюмдар менен агымдар иш алып барары маалым.

Кыргыз салттары ислам динине карама-каршы келбейт

2014-2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынып жатканда өлкө башчы А.Атамбаев “Алгач улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге ислам динин эриш-аркак алып кетишибиз керек”, – деген пикирин билдирип, анын тегерегинде бир топ коомдук талкуулар жүргөн. Дин менен улуттук үрп-адатты карама-каршы койгондор да, тескерисинче, кыргыз баалуулуктары ислам динине карама-каршы келбейт дегендер да бар. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы дагы кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилеп, улуттук баалуулук менен диний баалуулуктар шайкеш келерин билдирген. Биздин оюбузча, айрым дин адамдарынын каада-салттарды жокко чыгарам, үрп-адаттарды дин колдобойт дегени туура эмес. Бизге кыргыз элине тиешелүү каада-салтыбызды четке какпаган түшүнүк алдыда турушу кажет. Биздин түшүнүгүбүз боюнча ислам дининин негизи деле ушуга багыттайт. Исламдын негизги жөрөлгөлөрү болгон бир ишти быссымылда деп баштоо, нике кыюу, балдарды сүннөткө отургузуу, балага азан айтып ат коюу, садага берүү, жаназа айтуу ж.б. бардыгы кыргыз элинин канына сиңип, каада-салттардын катарында турат. Диний сабатсыздык, ашыкча фанатизм улуттун жоголуп кетүү коркунучун жаратат. Демек, ашыкча эле арабдашуу, кыргыз тебетейин, үкү топусун, элечегин чанып, арабдардыкына же пакистандыктардыкына окшогон баш кийимге өтүү, эркектерибиздин кыргыз чапанын чанып, салбыраган дамбал кийип, бапсыйган сакал коюшу ислам динине карата туура эмес көз караштардын калыптануусуна шарт түзгөндөй. Албетте, кыргыз эркектери деле сакал-мурут өстүрүп келген. Бирок, жаш курагына карата орундуу, кам көрүү менен өстүргөн. Азыркыдай жыйырмага чыга элек балдарынан өйдө бапсыйган сакал өстүргөн эмес го?! Мындай диний фанатизмдин жаштардын арасында жайылуусу коркунучтуу. Улуттук баалуулуктарыбызды жок кылууга болгон аракет, элди жолдон адаштыруу, андай эмес, мындай деп башкалардыкын таңуулоо коркунуч эмей эмне? Андыктан, ар бир жарандын көкүрөгүндө “Биз кандай мамлекетти куруп жатабыз? Балдарыбыздын эртеңи кандай болот? Биз улут катары туура жолдо бара жатабызбы?” деген сыяктуу суроолор турушу зарыл. Албетте, эң башкысы элдин тынчтыгы менен биримдиги. Ишеним менен улуттук баалуулуктарды айкалыштырып, бирдиктүү бир жолду тандоо менен мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала алабыз.

Балдарга светтик билим берүү туурабы же динийби?

Бир ирет хиджап кийген тестиер кыз менен сапарлаш болуп, аңгемелешип калдык. Андан кайсыл мектепке барары туурасында сураганымда, медресеге барарын айтты. Ата-энеси экөөсү тең намаз окуган адамдар экен.

– Медреседе эмнелерди окутат?, – деп суроо салдым.

– Куранды жаттайбыз.

– Математиканы, орус тилин, кыргыз тилин окутабы? Жаратылышты таануу, сүрөт сабактары киреби? – дедим.

Кыз башын жерге салып:

– Эсепти бир аз окуйбуз, – деп жооп берди.

Эгер биздин балдардын келечеги куран менен эле байланышкан болсо анда туурабы? Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктары дагы көңүл жубата тургандай эмес экендигин айтсак болот. Тогузунчу классты бүтө элек балдардын арасында мектепти чанып, медресеге өтүп, окуп жаткандары да деле бар экен. Диний окуу жайларда балдарга эмнени окутуп жатканын мониторинг так аныктай алган эмес. Адистер мунун бир себеби катары ата-энелердин светтик мектепке эмес, диний окуу жайларына көбүрөөк ишеним артып жатканы менен байланыштырышат.

Кыргызстанда совет заманынан бери келе жаткан билим берүү системасы иш алып барат. Диний радикалдуу идеялардын жайылып кетишинен кооптонуп, медреселерде светтик сабактарды, ошону менен катар окуучулардын диний сабатсыздыгын жоюу үчүн светтик мектептерге дин таануу сабактарын окутуу киргизилүүдө. Мисалы, быйыл сентябрь айынан баштап он мектепке «Дин маданиятынын тарыхы» деген сабак сынамык негизде өтүлө баштады. Бул кандай жыйынтыгын берет, келечектин иши. Маселе, эмне үчүн балдардын медреселерге көбүрөөк ооп кеткендигинде. Балким, биздин мектептердин көбү бүгүнкү заман талабына, балдарыбыздын табитине ылайык окута албай жатышабы деген да суроо жаралбай койбойт. Азыр заманбап технологияларды колдонуу менен окута турган акы төлөнүүчү мектептерге акысы жогору болгондугуна карабай балдарын окутуп жаткан ата-энелер бар. Катардагы мектептерде окуган баласы үчүн бир китеп сатып бере албаган жарды ата-энелер булардын катарында кандай көрүнүшү ыктымал?

Мына ушуга окшогон жөнөкөй мисалдарды карап отуруп, балдарын мектепке бергиси келбей медресеге берген ата-энелердин бир себеби ушулбу деп ойлойсуң. Демек, балдарга билим берүү системасын кайра карап чыгуу, мугалимдердин билимин тереңдетүү, аброюн көтөрүү зарылдыгы бар. Коомдогу айрым адамдарга “Балдарыбызга светтик билим берүү туурабы же динийби?” деген суроону берип көрдүк.

Балбак ТҮЛӨБАЕВ, “Аю” холдингинин вице-президенти:

– Биринчи балдарга акыл-эс кирип, өзү бир нерсени чечүүгө жарап калган мезгилге чейин светтик билим алуусу туура. А кийин чоңоюп, баарына түшүнүп калганда өзү тандап алат.

Максатбек ажы ТОКТОМУШЕВ, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи:

– Биз диний да, светтик да билим алуу менен жогорулайбыз. Ошону менен бирге адеп-ахлагыбызды оңдоо керек. Бүгүнкү күндөгү ызычуунун көпчүлүгү илимсиздиктен эмес, адеп-ахлактын төмөндүгүнөн болууда. Пайгамбарыбыз соллоллооху алайхи васаллам: “Менин бул дүйнөгө келүүмдүн максаты, кулкмүнөздү толукташ үчүн келгем” деген. Жана дагы: “Сен адамдарды байлыгың менен эмес жакшы сөзүң менен өзүңө тарта аласың. Сенин жакшы мүнөзүң дагы садака, жакшы сөзүң дагы садака” деген. Мына ушулар Исламдын баалуулуктары. Адилеттүүлүк, ырайымдуулук, жумшактык, аманатка бекем болуу, кайраттуулук, кичи пейилдик, убадага бекем болуу, унчукпай коюу, көтөрүмдүүлүк мунун баары маданиятыбыз.

Ислам дини бул ортолуктун дини. Аша чабууга, экстремизмге, терроризмге, радикализмге жол берилбейт. Пайгамбарыбыз соллоллооху алайхи васаллам: “Силер дүнүйө деп акыретти, акырет деп дүнүйөнү таштабагыла. Экөөнү бирдей ала жүргүлө” деген.

Эрнис КЫЯЗОВ, islamlife.kg сайтынын жетекчиси:

– Ар бир адам баласы билимилим алып, Кудайды дагы унутпоосу керек. Билимди, илимди канчалык терең казган сайын адам Кудайдын бар экенин ошончолук тааныйт.

Бүбайша АРСТАНБЕКОВА, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы:

– Диний билим берүү эмес, светтик жана салттуу билим берүү натыйжалуу болот деп ойлойм. Себеби философиялык ой-жүгүртүүгө өбөлгө боло турган тарыхый маданиятыбызды, каада-салтыбыз, нарк-насилибизди унутпай, маңкурт болуудан сактайт. Салттуу билим берүүнү жөнгө салып окуу программаларын жаңыртыш керек.

One thought on “Диний фанатизм коркунучтуу илдет

Комментарии закрыты.