Бишкектин “Жеңиш” жаңы конушуна газ берилди

11-май күнү Бишкеке шаарынын Биринчи май районунун “Жеңиш” калктуу жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу “Газпорм Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жаңы конушта газ түтүктөрүн орнотуу кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы пландын алкагында ишке ашып, жалпысынан 28,2 млн. сом каражат сарпталды.

Кошумчалай кетсек, аталган жаңы конушту газ менен камсыз кылуу үчүн атайын газ бөлүштүрүүчү пункт ишке киргизилди.

2017-жылы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 12 жаңы конуш газдаштырылмакчы. Жаратылыш газы менен 20 миңден ашык турак-жай камсыз болмокчу. 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу деңгээлин 62%га чейин жогорулатуу жана 400 калктуу пункту газ менен камсыз кылуу пландалууда.