Бишкекте троллейбустан өрт чыкты

17-октябрда Бишкекте 17-троллейбустан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юнусалиев көчөсүндө троллейбус күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат өрт өчүрүү кызматына түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө саат 09:36да КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Саат 09:49да өрт чектөөгө алынып, саат 10:05де өрт толугу менен өчүрүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Сүрөт: Спутник агентигине күбөдөн келген