Россия Түндүк Кореяга каршы санкция киргизди. Путин Жарлыкка кол койду

Россия Түндүк Кореяга каршы санкция киргизгенин РИА Новостиге шилетеме кылып Спутник маалымат агентиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Президент Владимир Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга карата кабыл алынган резолюциясын аткаруу боюнча атайын Жарлыкка кол койду.

Анда мамлекет башчысы Түндүк Корея менен илимий-техникалык кызматташууну токтотууга буйрук бергени жазылган.

Түндүк Корея дүйнө коомчулугунун нааразылыгына карабай, өзүнүн өзөктүк програмаммасын өнүктүрүүну улантып келет.