Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековду Президент болуп шайланышы менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын президенти болуп жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтү маалымдайт.

Шавкат Мирзиеев Өзбекстан эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң көңүл бураарын жана эки элдин достугу үчүн ар тараптуу пландарды ишке ашырууга даяр экендигин кошумчалаган.