Көмүскө экономикага каршы аракет

Бир менчиктин бир эле кирешеси болушу керек деген түшүнүк өлкөбүздүн союз учурунан берки фискалдык саясатынын жаңылыштыгы болду. Ушуга байланыштуу, аткаруу кызматындагы бардык деңгээлдеги жетекчилер, депутаттар декларациясын айлык маянанын негизинде гана толтуруп келе жатышат.

Бирок, алардын көпчүлүгүнүн минген автоунаалары Бишкектеги бир батирдин баасына барабар экендиги, балдары Оксфорд же Кембридж сыяктуу окутуу акысы асман чапчыган кымбат университеттерде окушары белгилүү. Топтошкон чиновниктер жамааты менен жаңы жылдык майрамды Араб эмиратынан тоскон окуя да жалпыга дайын болгон. Көрүнүп тургандай, биздин фискалдык саясатыбыз жарандын кирешесине гана багытталып, ал эми чыгашасы тууралуу маселе көтөрүлө элек. Ушундай себептерден улам, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайызды түзөрү расмий айтылып келет. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча ал 50-60 пайызга жеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн акчакредиттик жана салыктык-бюджеттик саясатын рынок экономикасынын талабына жараша аныктап албаса болбойт. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров баштаган эл өкүлдөрүнүн КР 2017-2040-жылдарга карата фискалдык саясаты тууралуу концепциясынын долбоору Өкмөттө, парламентте талкууга алынды. Андан тышкары, ал жакындан бери бизнес чөйрөсүнүн талкуусуна чыгарылып жатат.

Депутат А.Жапаровдун пикиринде, Кыргызстандагы көмүскө экономика менен күрөшүү ЕАЭБдин көмүскө экономика менен күрөшүү методологиясына туура келбей жатат. Биз контрабандалык товарлардын күнү бүтүп бара жатканын түшүнүшүбүз керек. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде товардын эркин жүгүртүү принциби товардын көлөмүн көзөмөлгө алуу менен бирге иштейт. Мисалы, тамак-аш түрүндөгү товар болсо, ал ишкананын конвейеринен чыккандан баштап, кардардын дасторконуна чейинки процесстердин баарында көзөмөлгө алынуусу шарт. Бул процесс Казакстанда иш жүзүнө ашырылып калды, Белоруста болсо, мындай ыкма мурда эле бар болчу. Ал эми Россия аны жаңыдан колго ала баштады. Товарлардын жүгүртүүсүн көзөмөлгө алуу экспорттун өнүгүшүнө да шарт түзбөй койбойт. Товар жүгүртүүгө карата көзөмөлдүн болушу экспорт менен ишмердүүлүк жүргүзгөндөр үчүн салык төлөөлөрдү бир кылка тартипке салмак. Бүгүнкү күндө өлкөдө жылына мамлекеттин бюджетине 30 млн. сомдон өйдө салык төлөгөн 1600 компания бар. Социалдык төлөмдөрдүн негизги бөлүгү ушул компаниялардын каражатына аткарылып жатат.

“Ар бир тармакка, ар бир класстерге мамиле өз-өзүнчө болору анык. Бирок салык төлөөлөр баарына түшүнүктүү, жөнөкөй жана администрлөөгө жеңил болуусуна жетишип, адамдын катышуусуз жүргүзүлүшү керек. Тилекке жараша, бул иштер жаңы Өкмөттүн “Таза коом” программасында жакынкы үч жылдын ичинде электрондук бирдиктүү базага өткөрүлгөнү жатат. Бирдиктүү программа аркылуу электрондук эсеп жүргүзүү дүйнө мамлекеттеринде небактан бери эле ишке ашырылып келе жатат. Бул бюджет үчүн кошумча булактарды табуунун акыйкат жолу. Муну менен бир салык төлөөчү, бир салык, бир учет жана бир фискалдык орган системасына түшүүчү учур келди”, – дейт депутат А.Жапаров.

Мисалы, Астанада мамлекеттик салык кызматына кирсеңиз, ал жерде бардык салык төлөөчүлөрдүн базасы чоң таблодо көрсөтүлүп турат. Айталы, электр энергиясын пайдалануу азайтылып, ошол эле учурда товар чыгаруунун көлөмү өсүп кеткени байкала баштаса демек, ал компанияда баары жайында эмес… Же болбосо чийки затты ташып келүү мурда беш тонна болсо, ал бир айда 15 тоннага жетип жатканы катталып, бирок салык төлөө баштагыдай эле кала берсе, бирдиктүү электрондук база дароо салык кызматына ишкананын көмүскө иштери тууралуу кабар берип коёт. Ал компания өлкөнүн кайсы аймагында жайгашпасын жергиликтүү салык кызматына кабар барат. Көрүнүп тургандай, компаниялар ачык, мыйзамдуу жол менен ишмердүүлүк жүргүзүшсө, аларды бейчеким текшерүү дээрлик болбой калат.

Андан тышкары, бардык соода түйүндөрүндө контролдук-кассалык аппараттарды этаптуу түрдө ишке киргизүү жолго коюлушу керек. Бүгүнкү күндө Малайзия, Сингапур ж.б. мамлекеттерде контролдук-кассалык аппараттардын онлайн түрүндө иштөөсү небак жолго коюлган. Аппарат ишке киришер замат салык органдарына онлайн түрүндө кабар берилет. Ал аркылуу жумушчу күнү аяктаган соң жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр ачык, так көрсөтүлүп турат. А.Жапаровдун пикири боюнча, 2018-жылдан баштап, Бишкек, Ош шаарларынын бардык соода түйүндөрүндө, 2019-жылдын январына чейин, райондук борборлордо, шаарларда контролдук-кассалык аппарат менен иштөөнү милдеттүү ишке ашыруу кажет.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов фискалдык саясат тууралуу концепциянын долбоорунда талкууланып жаткандын дээрлик баары жаңы Өкмөттүн программасында камтылганын айтып: “Дордой”, “Кара-Суу” сыяктуу чоң, “Табылга” менен “Мадинадай” орто базарларга жана жалпы бизнестин ишине салык жыйноодогу ар бир өзгөрүү өз таасирин тийгизбей койбойт. Ушуга байланыштуу онлайн аркылуу иштечү кассалык аппараттарды киргизүүнү кылдат ишке ашырбасак болбойт. Жалпы бизнес сектору буга көнүп, ыңгайлашып алганга чейин, аны биз ири бизнестен баштадык. Андан кийин гана орто жана чакан бизнеске контролдуккассалык аппараттарды онлайн системасында өткөргөнү жатабыз. Кандай өзгөрүүлөр болбосун бизнеске кедергисин тийгизбегендей, мамлекеттин дагы кызыкчылыгына туура келгидей нукка салууга жетишебиз деп ойлойм”, – деп билдирди ал.

Назира АЛИЕВА