Кыргыз радиосунун ди-джейи Адилет ДАСТАНОВ: «Бардык жерде ич ара атаандаштык бар»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Каарманыбыз Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Ошол айылдагы Рысалы Солтонбеков атындагы орто мектепти, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктап, ошол эле кесипте магистрликке ээ болгон. Эмгек жолун “Балдар Fm” радиосунда баштап, андан кийин Кыргыз радиосунда музыкалык редакторлук кызматында ди-джей болуп иштеп келген “Маек төрдүн” бүгүнкү коногу, 25 жаштагы Адилет Дастанов журналистикадагы ишмердиги, жеке жашоосу ж.б. тууралуу суроолорго жооп берди.

– Бала чагыңдан эле журналистикага жакын болгонсуңбу же бара-бара турмуштук жагдайлардан улам бул тармакка келип калдыңбы?

– Негизи бул өнөр дүйнөсүнө болгон кызыгуу бала кезден эле бар болчу. Бирок эмнегедир медицина тармагына иштегим келчү. Убакыттын өтүшү менен балалык кыялдардан арылып, турмушка реалдуу ой жүгүртө баштаган учурда жан дүйнөмө жакын кесип журналистика болду. Эмнегедир, ой-максаттарымдын баары телевидение болуп калды. Мектепти аяктаган соң, билимимди ушул багытта уланттым.

– Билишимче көп убакыт бою радиодо эмгектенип жүрдүң, ал жакта иштеген эмнеси менен кызык жана кандай өзгөчөлүктөр менен эсиңде калды?

– Ооба, студент кезден баштап эле радио тармагына аралашып жүрөм. Ар бир редакциянын өзүнүн максатына ылайык, сыймыктана, мактана, көрсөтө ала турган өзгөчөлүктөрү бар болот эмеспи. “Балдар Fm” радиосунда иштеп жүргөн кездерде өзүм жаш болгондуктан балдар дүйнөсүнө сүңгүп аралашуу кыйын болду. Балдар десе эле жеңил элестеткенибиз менен бул багыт эки эсе жооптуу экен. Ошол кездерде радионун эмне экенин түшүндүргөн, аталган редакциянын продюсери Кундуз Аманованын берген кеп-кеңештери чоң таасир тийгизди. Андан кийин Кыргыз радиосуна которулуп келгенимде продюсерибиз Назира Абдукаимова баш болгон бир топ эже-агайлар кесипке тийиштүү эле эмес, керектүү жана кереметтүү кеп-кеңештерин беришти. Бир кезде аттарын алыстан угуп жүргөн инсандар менен бирге иштешүү мен үчүн абдан жагымдуу болду. Бардыгынын жан дүйнөсү таза, чыгармачыл инсандар журналисттик ишмердигиме абдан чоң эргүү берди.

– Кыргыз радиосу КТРКга карайт эмеспи. Ал эми КТРКда интрига көп деп айтыла берет, ошол чынбы?

– Бир эле КТРКда эмес, бардык жерде ич ара атаандаштык бар. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мамлекеттин негизги каналы болгондуктан биздеги интригалар коомго тез тарап кетет өңдөнөт. Бирок, кайсы бир акылман айткандай, атаандаштык болгон жерде өсүпөнүгүү болот. Ал нерсени сындоо, ачыкка чыгаруу анчалык деле зарыл эмес. Ал эми биздин редакция боюнча айтсам, “жан дүйнө азыгы” деген урааныбызга жараша ички интрига жокко тете десем адашпайм.

– Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деп коет, дагы кандай өнөрлөрүң бар?

–Өзүбүз өнөр адамдары менен тыгыз байланышта иш алып барып жүргөн соң, билбеген көп нерселерди үйрөнүүгө тырышам. Албетте, мен да өнөр баккан адамдарды сыйлайм. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, көп нерселер материалдык байлыктан да көз каранды болуп жатпайбы. Ошондуктан мезгилге жараша, тамадалык кызматты аркалап, той-топурларда кызмат өтөп жүрөм. Андан тышкары чакан бизнесте өзүмдү сынап көрүүдөмүн. Ошону менен бирге эле бир тармакта эле кайнап жүрө бербей, калемимди такшалтуу максатында “Тил жана Маданият” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчылык кесипти аркалап келем.

– Жогоруда айтып кеттиң, теле көрсөтүүгө чыгуу максатым болчу деп. Ал максатың эмне болду?

– Ал максатым эч кайда кеткен жок. Ушул иштер менен катар эле КТРКнын алдында түзүлгөн “Маданият, тарых, тил” каналында “Театр+сахна” теледолбоору менен эфирге чыгып жатам. Бул долбоордун максаты, айтылуу Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева өңдүү театрдын сыймыктуу инсандарын өсүп келе жаткан муунга таанытуу. Театр – коом күзгүсү деп айтылгандай, бүгүнкү күндөгү актер, актриса, режиссёр, негизи эле бул тармактагы инсандарды коомчулукка кенен тааныштыруу. Элди маданий жайларга анын ичинен театрга барууга үндөө болуп саналат.

– Сөздү жеке жашоого бурсак, билишимче бойдоксуң. Бойдокчулук менен кош айтышууну ойлонуп жүрөсүңбү?

– Эң негизги суроого эми келдикпи (күлүп)? Жеке жашоо тууралуу алдыда чоң пландар бар. Бул боюнча айтсам жообум узакка созулуп кетет. Кыскартып айтканда бул жашоого бир жаралган соң жөн эле үй-бүлө курууну максаттабастан, жүрөккө жакын, жашоодо коюнколтук алышып, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, түшүнүшүп жашаган адамга жолукканда бойдокчулук менен кош айтышам деп пландап жүрөм.