Айнура ТЕМИРБЕКОВА: «Санарип – жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


– Айнура Кубанычбековна, 15-май- га, аналогдук телеберүүлөр өчүрүлөрүнө бир жумага жетпеген убакыт калбадыбы? Кыргызстан буга даярбы?

– Ооба, саналуу күндөрдөн кийин чоң тарыхый окуянын күбөсү болуп калабыз. Кыргызстан жаңы маалыматтык доорго кирип жатат. Бирок, аналогдук телерадио берүү өчүрүлөт деген туура эмес болуп калат, тескерисинче көп мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Биз алдыга, прогресске кадам таштайбыз.

Буюрса, Кыргызстан санариптик телеберүүлөргө өтүүгө даяр деп ишенимдүү айтсак болот. Анткени, буга чейин Кыргызстандын калкы ушул чоң тарыхый окуяга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө даяр болсун деген максатта ырааттуу иштер жасалды. Өкмөт башчы жылдын башында облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен санарип маселесине арналган жыйын өткөрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошол учурдан баштап, санарипке байланышкан иш-чаралар жергиликтүү: облустук, райондук, шаардык, айылдык деңгээлге түштү. Үч чоң багытта жумуштар жүрдү. Биринчи багыт – түшүндүрүү иштери: эл менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр. Экинчи багыт – маалымат чогултуу багытында ар бир үйгө, короого кирип, канча кожолук санарип форматка кошулганын сурамжылоо иштери жүрдү. Жума сайын маалыматтар келди. Үчүнчү багыт – 326 айылга санарип жетпей калды эле, ошол айылдарга АТРлерди коюуга даярдык боюнча иштер жүрдү. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана РПО РМТРдин адистери болуп, ар бир облуска барып, коллегияга катышып келдик. Түшүндүрүү жумушта- рын жүргүздүк. Облус деңгээлинде жумушчу топтор түзүлсө, райондук деңгээлде мобилдик топтор түзүлүп, жер-жерлерде 2605 жолугушуу өттү. Бул жолугушууларга 706 миң адам катышты. Бул жакшы көрсөткүч. Акыркы 1-майга карата маалыматтарга таянсак, 1 миллион 388 миң 205 кожолуктан 86 пайы- зы санарипке кошулуптур. Ошондо акыркы жумаларда жума сайын 80-90 миң кожолук ар жума сайын санарипке кошулуп жатты.

– Жыл санап дүйнөдө жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, эл да ошол жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга умтулуп жатышпайбы. Айталы, азыр калктын көбү үйүнүн чатырына спутник тарелкаларын коюп, телени спутник аркылуу көрүп жатышат. Алар санариптик теледен көрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышабы?

– Спутник аркылуу телевизор көргөн кыргызстандыктар мурдагыдай эле спутник аркылуу көрө беришет. Болгону, алардын мүмкүнчүлүгү кеңейди. Санарип форматка өтүү боюнча иштеген мамлекеттик комиссия спутник аркылуу телевизор көргөн теле көрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга шарт түздүк.

– Кабель аркылуу теле көргөн көрөрмандар да бар эмеспи?

– Кабель аркылуу кызмат көрсөткөн компаниялар эчак санарипке өтүп алган. СмартТВ, Акнет, Мегалайн да жаңыча формат менен иштеп жатат.

– Учурда калктын канча бөлүгү са- нариптен пайдаланууда?

– Элге 95 пайыз шарт түзүлдү. Кыр- гызстан боюнча 54 санариптик чагылдыргыч коюлуп бүткөн. Элдин 5 пайызы – 326 айыл калды деп жатабыз. КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекет- тик комитетинин төрага орун басары Эш- мамбет Аматовдун маалыматы боюнча бул сан деле күндөн күнгө кыскарып баратат. Акыркы айларда эле 9 антенна коюлуп, дагы 56сы коюлууда. Демек, бул фактынын өзү, буюрса, улам убакыт өткөн сайын санариптик телерадиоуктурууларды алуу мүмкүнчүлүгү көбөйүп жатат деген сөз. Маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 200 миңден ашуун спутниктик ресивер бар. Ал “өлкөбүздүн калкы толугу менен санариптик телекөрсөтүүнү көрүү мүмкүнчүлүгү бар деп айта алабыз” деп ишенимдүү айтууга мүмкүндүк берет. Буга толугу менен кошулса болот. Ошондой болсо да, бүгүнкү күндө мамлекеттик комиссия бул маселени чечүүнүн үстүндө иштөөдө. Ал иш үч этап менен аткарылат.

– Аналогдук телекөрсөтүүдөн са- нариптик телеге өтүүдөгү бурулуш 2006-жылдын июнунда болуп, «Женева 06» (Ge-06) келишимине кол коюл- ганын билебиз. Учурда Европа өлкөлөрү толугу менен санарипке өтсө керек. Бул кыймыл кандай жүрүүдө?

– Ооба, туура айтасыз. Кыргызстан да санариптик телеге өтүү боюнча келишимге кол койгон. Бүтүндөй дүйнө санариптик те- леге өтүп жатса, албетте, биз алардан сыртта, четтеп кала албайбыз. Бул келишимди ратификациялаган өлкөлөр кадимки теленин жыштыгын бошотушу керек.

2006-жылы Люксембург менен Нидерланды толугу менен санарипке өткөн. Бир жылдан соң Финляндия, Швеция, Норвегия, Андорра жана Швейцария кошулду. 2008-жылы Бельгия жана Германия аналогдук теледен баш тартты. 2009-2015-жылдарда бүтүндөй Европа санариптик телеге өттү.

АКШ МСЭге көз карандысыз өз алдынча ATSC санариптик форматы болсо да, аналогдук телекөрсөтүүлөрүн 2009-жылы эле өчүргөн. Кыргызстан да Женева – 2006 келишиминин толук укуктуу мүчөсү катары өз милдеттенмесин аткарышы керек.