Кыргызстан Өзбекстанга электр энергия экспорттойт

Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев  билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин 550 кВт саат электр энергиясы сатылат. Электр кубатынын 1кВт сааты 2,4 центтен сатылып, жалпысынан экспорт 13 млн. 200 миң долларга бааланды.