Киров суу сактагычындагы суу оңдо иштерине байланыштуу коё берилет

1975-жылы Талас дарыясында курулган Киров суу сактагычынын платинасын оңдоо жана бекемдөө максатында 18-октябрдан тарта сууну кое берүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, суу түбүнө чейин агызылат жана бул тууралуу маалымат анын төмөн жагындагы Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Чүй-Талас аймагындагы суу инспекциясына айтылган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан бул суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот.