Депутат Зарылбек Рысалиев ант берди

Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Зарылбек Рысалиев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакында башка кызматка дайындалганына байланыштуу өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Нургазы Нишановдун («Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясы) ордуна келди.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев 1960-жылы Талас облусундагы Үрмарал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун, ал эми 1996-жылы Улуттук университетти «укук таануучу» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал 2010-2012-жылдары ички иштер министри, 2012-2013-жылдары Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп иштеген.