Шамал электр жарыгын өчүрүп, бактарды кулатты

Катуу шамал Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштардын электр энергиясын үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААК басма сөз кызматы билдирди.

 

Электр жарыгы саат 5:30да өчтү. Учурда “Түндүкэлектр” ААК боюнча бузууларды жокко чыгаруу менен электр куроочулардын алтымыштан ашуун оперативдүү-чыгуу бригадасы иштөөдө.

Ал эми Бишкектеги «Зеленстрой» ишканасы саат 5:30да шамал башталгандан бери шаарда үч жерде дарак кулаганын билдирди. Алардын экөө Толстой жана Жибек Жолу көчөлөрүндөгү автоунаа жүрчү жолго кулаган. Ишкананын кызматкерлери жол тазаланганын билдирди.