Алакандай Кыргызстан ааламды өзүнө сыйдыра алабы?!.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


“Алакандай Кыргызстанга аалам сыябы”, — деп суроо салып отурганыбыздын бир эле себеби бар. КР Мамлекеттик каттоо кызматы 2010-2017-жылдардын аралыгында 35 миң 110 адам Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирди. Маммекеменин маалыматына караганда, жарандык алгандардын 90 пайызы Өзбекстан жана Тажикстандан келишкен, калгандары — Россия, Казакстан, Украина, Армения, Азербайжан, Грузия мамлекеттеринин тургундары. Алыскы чет өлкөлөрдөн: Ооганстан, Иран, Ирак, Пакистан, Кытай жана Түркия мамлекеттеринен келгендери да жок эмес. Айтымда, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле жарандык алуу үчүн чет элдиктерден 2 миң 315 арыз түшкөн.

Албетте, глобалдашкан доордо ички жана тышкы миграция, келимкетим, жарандардын өз өлкөсүнөн кетип, башка өлкөнүн жарандыгын алышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында маселе жок. Бизде суроо пайда кылган маселе башкада. Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында КР Юстиция министрлиги Жогорку кеңештин кароосуна “Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады.

Азырынча мыйзам долбоору комитетке жете да, карала да элек. Ошондой болсо да, маалымдоо каражаттары: “Турак-жай кодексине өзгөртүү киргизүү парламенттин кароосуна сунушталды. Долбоорго ылайык, чет элдик жарандарга үй курууга жана сатып алууга уруксат берилет. Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө, 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган Турак-жай кодексинде «чет элдик жарандарга турак-жай алууга уруксат берүүчү орган» деп жазылганы менен анын жол-жобосу бекитилген эмес. «Азыр кайсы орган буга милдеттүү экендиги дагы белгисиз.

Диний фанатизм коркунучтуу илдет

Андыктан бул укуктук боштук Кыргызстанда жашап, иштеп жана үй-жайлуу болгусу келген чет элдик жарандарга тоскоолдук түзөт», — дейт Юстиция министрлиги. Мыйзам долбоору боюнча инвестициялык визасы жана туруктуу жашоого уруксаты бар чет элдик жарандар үй сатып ала алышат. Аларга чек арага жакын аймактардан гана үйлүү болууга тыюу салынат”, — деп комментарийлеп жатышат. Ушундан улам, биз Жогорку Кеңештин сайтына кирип, “Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору жана мыйзам долбоооруна негиздеме, мыйзам долбоорунун салыштырма таблицасы менен кылдат таанышып чыктык. Долбоорго негиздемеде “Турак-жай кодексине” өзгөртүү киргизүү жана чет өлкөлүк жактарга турак-жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө ченемди алып салуу сунушу КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеши тарабынан болгону айтылат. Сыягы, аталган кеңеш ушул сунуш ишке алынса эле, Кыргызстанга тынбай агып кирип, инвестицияга маарып калат деген ойдо окшойт.

Эгер, чет өлкөлүктөргө турак-жай сатып алууга мыйзамдуу руксат берүүнүн тарыхына келсек, 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган “КР Турак-жай кодексинин” 14-беренесинин 2-бөлүгүнө «чет өлкөлүк жактарга турак-жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган» деген түшүнүк кирген. Өкмөттүн 2011-жылдын 15-февралындагы “КР Өкмөтүнүн «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» №49 токтомуна өзгөртүү киргизүү жана 2013-жылдын 28-ноябрындагы КР Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу” №643 токтому кабыл алынганга чейин Юстиция министрлигинин алдында Кыргызстандын аймагындагы чет өлкөлүк жактарга жана жеке адамдарга турак-жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып бөлүү боюнча комиссия иштеп, чет өлкөлүк жактарга жана жеке адамдарга турак-жай фондунан турак-үйлөрдү жана квартираларды ажыратып бөлүү боюнча (сатуу, алмашуу, белек кылуу) арыздарды кароо жана уруксат берүү боюнча иш алпарган. А Өкмөттүн тийиштүү чечиминен кийин аталган комиссия жоюлган.

Юстиция министрлиги: “Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин тутумунда чет элдик жактар тарабынан турак-жайды сатып алууга уруксат берүү маселелери менен алектенген тиешелүү мамлекеттик орган жок. Ошол эле мезгилде мындай органдын бар болуусу биринчиден, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген чет элдик жарандардын турак-жайга болгон укугун негизсиз чектөө болуп саналат, экинчиден, ашыкча бюрократияга алып келет жана биздин республикабызда жашап жана иштегенди каалаган чет элдиктер үчүн олуттуу тоскоол болот. Мындай кырдаал биздин көз карашыбыз боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында коюлган идеяларга ылайык келбейт. Бул документте — узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстанды стратегиялык жактан адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылуу менен алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана жагымдуу ички чөйрө, мыйзамдуулукту сактоо, билим берүүнүн деңгээли жогору, курчап турган чөйрөсү таза, коомдук туруктуу, эл аралык кадыр-баркы жогору, экономикасы туруктуу өнүккөн жана инвесторлор үчүн жагымдуу өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кирген күчтүү жана көз карандысыз мамлекет катары көрөбүз деп айтылат”, — деп билдирүү менен, тосколдуктарды алып салуу жана чет элдик жарандардын турак-жайларды сатып алуу тартибин жөнөкөйлөтүү максатында, мыйзам долбоору менен Турак-жай кодексинин 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктун күчүн жоготту деп таанууну сунуштап жатат.

Төкмөлүк өнөрдүн баркы жана наркы

Министрликтин маалыматына таянсак, Казакстанда турак-жайды сатып алуу укугуна республикада туруктуу (жашап турууга уруксаты бар) жашаган чет элдик жаран ээ, ушундай эле талаптар Өзбекстанда жана Беларуста да бар, ал эми Россияда турак-жайды сатып алуу-сатуу жүргүзүү үчүн чет элдик жарандын төмөнкү документтеринии бирине ээ болуусу керек: виза, миграциялык карта, жашап турууга уруксат же убактылуу болууга уруксат.

Кыргызда “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” делет. Юстиция министрлиги өз ыйгарым укуктарынын чегинде “Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине” өзгөртүүлөр киргизүүнү сунуштап жатат. Албетте, бизге караганда, аларга мыйзамдагы кенемтелер, өксүктөр, боштуктар даана көрүнүп тургандыгында шек жок. Аталган кодекстин 7-беренесин: «2-1. Жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте, ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн башка себептерсиз, туруктуу жашоого уруксаты же Кыргыз Республикасында инвестициялык визасы бар, чет өлкөлүк юридикалык жактар турак-жай үйлөрүн салууга, аларды сатып алууга жана колдонууга укугу бар. Чет өлкөлүк адамдарга, кайрылмандардан тышкары, жарандыгы жок адамдарга, жана чет элдик юридикалык жактарга турак-жайларды жана үйлөрдү жеке менчикке сатып алууга, аларды Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында курууга тыюу салынат», – деген мазмундагы 2-1 бөлүк менен толуктоо зарыл чыгар.

Мыйзамдар канчалык сыдыргыга салгандай шыдыр болуп, эл аралык келишимдерге ылайык болбосун, он жылга жетпеген аралыкта 35 миң 110 адам Кыргызстандын жарандыгын алганын эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Ушул өңүттөн алганда, КР Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат” деген жобо өтө опурталдуу эмес бекен деген да суроо жаралат. Себеби, Баш мыйзамга чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок башка адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат деп жазарын жазып алып, чек ара аймактарынан жеке менчикке үй сатып алууга жана туракжай курууга тыюу салууга кандай укугубуз бар? Биерде Баш мыйзам менен “Турак-жай кодекси” бири-бирине карама-каршы келип жатпайбы.

Айтор, неси болсо да суроолор көп. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бул маселени карап жатканда, алакандай Кыргызстанга аалам сыяр же сыйбасын, жети өлчөп бир кесет деген ойдобуз.

One thought on “Алакандай Кыргызстан ааламды өзүнө сыйдыра алабы?!.

Комментарии закрыты.