Той, капчыкты каңтарган мааракелер, төлөнбөгөн салык жөнүндө ой

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы директору Сайфиддин Назарзода салт-санаа жана салтанаттарды жөнгө салуу мыйзамын бузгандыгы үчүн 12 миң сомони (1350 доллар) айып пулга жыгылды. Тойго чектөө салган мыйзам ишке киргенден кийин Тажикстанда аткаминер биринчи жолу үйлөнүү үлпөт тартиптерин сактабагандыгы үчүн жазага тартылды. Коррупция менен күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттиги Сайфиддин Назарзода меймандардын саны 150дөн ашпашы керек деген чектөөгө карабастан, уулунун үйлөнүү тоюна 300дөн ашуун кишини чакырган деп эсептейт. Сайфиддин Назарзода 21-сентябрдагы сот отуруму учурунда той келининин ата-энеси тарабынан уюштурулганын билдирген. Анын айтымында, үлпөткө күйөө бала тараптан 50 киши, кыз тараптан 70 киши чакырылган. Бул салтанаттан кийин Назарзода жумуштан алынган.

Мамлекеттин эсебинен өткөн мааракелер

Тажикстанда мындай чектөө менен калктын жөнү жок каражат коротуусун нукка салууну көздөшүүдө. Ал эми Кыргызстанда мындай чектөө жок. Өткөн чакырылышта депутат Аида Салянова тойлорго чакырылган адамдардын санын чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, коомчулук тарабынан кескин сынга кабылып, өтпөй калган. Кыргызстанда тойлорго чектөө коймок тургай айрым мааракелер мамлекеттин эсебинен өткөрүлгөн учурлар көп эле кездешет. Маселен кайсы бир инсандын 100, 200 жылдык юбилейи деген сыяктуу мааракелерге мамлекеттен да каражат бөлүнүп келет.  Мындай нук менен кете турган болсо, Кыргызстан бир нече жылдардан кийин күндө той, маараке өткөрүп калабы деген дагы ой келбей койбойт. Албетте, жарандар, кандайдыр бир уюм, топ ж.б. өздөрү каражат топтоп каалаганындай той өткөрө берсе, маселе жок. А бирок, мамлекеттин казынасынан той өткөрүп, ансыз да каржалып турган казынаны кайыштыра берүү маселе жаратпай койбосо керек. Андан көрө ошол каражатты муктаж жарандардын керегине коротуу туура болмок.

Белгилүү “Махабат дастаны” тасмасындагы негизги каармандардын бири Раймалынын: “Ээ туугандар ушундай мааракени журт көтөрө алат бекен” деген суроосуна, “көтөрөт, бир мааракени көтөрө албаса, анда журт аталып не керек” деген өктөм жооп эске түшөт. Анын сыңары тарыхка так калтырган инсандарыбызды эстеп, эскерип туруу керек. Бирок ошол эскерүү, аларга арналган маараке, тойлор ошол инсандын урпагы, күйөрмандары, жолун жолдоочулары тарабынан деле өткөрүлсө эмне болот? Сөзсүз эле мамлекеттик казынадан каражат бөлдүрүп, элге оорчулук келтирип тойлоо керекпи?!.

Чыгармачыл журт чыр салганда…

Буга чейин тойдо маарыган тамадалар мамлекетке салык төлөбөй жатканы тууралуу парламентте маселе көтөрүлүп, мурдагы депутат Нарынбек Молдобаев өнөр адамдары элден калбай салык төлөөгө милдеттүү деген пикирин билдирип, тамада менен ырчылар салыктан качпашы керек деп эсептей турганын айткан жайы бар. Анткен менен бул маселе коомдо эки ача пикир жаратып келет.

Алакандай Кыргызстан ааламды өзүнө сыйдыра алабы?!.

Мындан бир нече убакыт мурун Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүп, салык мыйзамдарын бузган операторлорду, фотографтарды жана тамадаларды аныктаган. Айрым патенттерин көрсөтө албаган тамада, ишкерлерге айып пул салынган. Шоу-бизнес өкүлдөрү той-топурдан, шайлоо өңдүү саясий иш-чаралардын үгүт концерттеринен ири каражат таба турганы айтылып келет. Ошондон улам ырчы, тамада жана өнөр адамдары да салык төлөсүн деген маселе кайрадан көтөрүлдү.

Буга айрым ырчылар каршы чыгып, мамлекет алардын чыгармачылыгына кам көрбөй туруп, салык талап кылганы туура эмес таризинде өздөрүнүн нааразычылыгын билдирип чыкты. Албетте, алардын пикирин сыйлайбыз. Бирок ошол чыгармачыл адамдар деле ушул мамлекеттин жолу менен жүрүп, ушул мамлекеттин кызматтарын колдонуп, ушул мамлекеттин элинен алган каражат менен жан багып жатканын эске салуунун кажети жок деп ойлойбуз. Ошол эле сатуучу, айдоочу ж.б. көптөгөн жарандар өзүнүн шыгына жараша оокатын кылып жатат. Аларды деле мамлекет жыргатып багып, кам көрүп жиберген жери жок. Ошентсе да эл көргөндү көрөбүз деп патентин алып, салыгын төлөп жашап жаткандарын эске салып коюу шарт.

Тойдо топураган балдар

Фото сүрөтчү Дастан Үмөттегин кесибине байланыштуу той-кечелерде көп кызмат өтөгөн учурларда тойго бала эрчитип келген туура эмес деген пикирге келген. Буга жүйө катары ал төрт себепти белгилеп өткөн. Ал биринчи себеп катары коопсуздук маселесин көтөргөн. Алты сааттык тойдо баланын ары-бери чуркаганынан жыгылып кокустап, же сыртка чыгып кетүүсү да толук мүмкүн экенине токтолот.

Ал эми экинчи себеби – тоскоолдук экенин белгилейт. Тойду тейлеп жаткандардан тарта конокторго чейин тосколдук жарата турганын той-топурга барып жүргөндөр көрүп эле жүрүшсө керек.

Блоггер үчүнчү себеп катары балдардын ден соолугуна зыян келип жатканын белгилеген. Ооба, катуу жаңырган музыка, ызы-чуу, ашыкча тамак-аш, түнгө чейин уктабай жүрүү мунун баары баланын ден соолугу үчүн зыяндуу экени айтпаса деле маалым.

Эң акыркы себеп – адеп-ахлак. Төртүнчү себепке өзгөчө токтолуп кеткен. Чынында тойго баланы алып алган бир нече тоскоолдук жаратат. Адегенде эле эс алып кайткандай болбойсуз. Андан тышкары тойдо бийлемей, ичимдик ичмей, кээ бир учурда адепсиз оюндарга да катышууга болот. Ошол жерден балдар начар нерселерди үйрөнүп алып, “апам, атам деле кылып жатпайбы” деп турганы сизге аябай эле ыңайсыздык жаратса керек.