Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулады

Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Эрлан Абдылдаев телефон аркылуу Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Россиянын ТИМи тараткан маалыматта айтылат.

«Министрлер эки тараптуу кызматташуу маселеси боюнча пикир алмашып, Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты», — деп маалыматта белгиленген.

Телефон аркылуу баарлашуу кыргыз тараптын демилгеси менен ишемби күнү ишке ашкан.

Булак: «Спутник»