Сапар Исаков бүгүн Астанага барат

Премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен бүгүн, 18-октябрда Астанага барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү аталган жолугушуу тууралуу казак Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен телефон сүйлөшүү болгон.

Белгилей кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдашып, мунун натыйжасында унаалардан жана адамдардан түзүлгөн узун кезек пайда болгон. Казак тарап муну өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.