Киров суу сактагычындагы сууну кое берүү пландык иш жана казак тарап ага даяр

Казахстан Киров суу сактагычынан суунун агызылышына даяр. Бул тууралуу казак ЖМКларына шилтеме жасап «К-ньюс» жазып чыкты.

ӨКМдин атайын өкүлү Руслан Иманкуловдун айтымында, Казакстан тарап бул тууралуу алдын ала маалымдалган. Ошондой эле Жамбыл облусунун тийиштүү мамкызматтары эскертилген жана суу кое берилүүсү үчүн алдын ала иштер жүргүзүлгөн.

Өз кезегинде Казакстандын Шу-Талас басейн инспекция башчысынын милдетин аткаруучу Галымбек Куралбаев өткөн жылы жээкти бекемдөө иштери жүргөнүн белгилеген.

Белгилей кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдашып, мунун натыйжасында унаалардан жана адамдардан түзүлгөн узун кезек пайда болгон. Казак тарап муну өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.  Айрымдар Киров суу сактагычындагы сууну кое берүү чек арадагы катаалданган абалга жооп катары болууда деген пикирин билдирип жатышкан.