Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековду куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековду 15-октябрда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Си Цзиньпин өз куттуктоосунда Кытай менен Кыргызстан достук мамиледеги кошуна өлкөлөр жана негизги стратегиялык өнөктөш экендигин белгилеген.

«Дипломатиялык мамилелер түзүлгөн 25 жыл аралыгында биздин өлкөлөр ортосунда эки тараптуу мамиле туруктуу жана бакубат өнүгүп келе жатат», — деп белгиленет Төраганын куттуктоо телеграммасында.