Кыргызстан менен Казакстан чек арадагы көйгөйлөр боюнча макулдашууга келишти (видео)

Кечээ, 18-октябрда Астанада Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушту.

Казак өкмөт башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда чек ара, транспорт, ЕАЭБ алкагындагы фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 19-октябрда саат 00:00дон тарта кыргыз-казак чек арасындагы адамдардын, унаалардын, жүктөрдүн өтүшүнүн приоритеттүү тартибин камсыздоону макулдашты.

Мындан тышкары эки тараптуу экономикалык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча «Жол картасын» даярдоо үчүн Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын орун басарларынын жетекчилиги астында биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.