Ксения Собчак президенттикке шайлоого катышуу ниетин билдирди

Теле алып баруучу Ксения Собчак Россияда 2018-жылы боло турчу президенттик шайлоого катыша турганын билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Ошол эле учурда Собчактын ачык катын «Ведомости» гезити дагы баскан.

Теле алып баруучунун сайтында «Мен бардыгына каршы» талапкермин» деген ураан жазылган.

Россиялык ММКлардын маалыматы боюнча теле алып баруучу Владимир Путиндин администрациясынын макулдугу менен мамлекет башчылыгына ат салышат. Президенттикке талапкерлигин коюуга ниеттенген оппозиционер Алексей Навальный тележурналистти “карикатуралык либерал талапкер” деп сындаган. Собчак жооп иретинде оппозициянын ажырымы үчүн Навальныйды күнөөлөп, күчтөрдү бириктирүүнү сунуштаган.

Собчак оппозиционердин талапкерлиги каттоодон өтсө, шайлоого барбай турганын билдирген. Кремль шаршембиде Собчактын шайлоого катышуу ниети “Конституциянын бардык шарттарына туура келерин” жарыялады.