Парламентте Канат Исаевдин камалышы боюнча комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевдин камакка алыныш боюнча эл өкүлү Алтынай Өмүрбеков парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын пикиринде, Канат Исаев жөн эле саясатчы эмес, белгилүү адам, фракциянын лидери. Депутат эмне себептен кармалды? Керек болсо жабык эшик артында болсо дагы талкуулоо керек.   

-Үй-бүлөсүнө дагы укук коргоо органы тарабынан туура эмес иштер болгон. Кызынын, жубайынын унаасын тинтишкен. Ушундай маанилүү маселеге кайдыгер карабайлы. Шайлоо бүттү, ушундай маселеге көңүл буралы.

Эске салсак, Башкы прокуратура ушул жылдын 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата «кылмышка даярдануу», «массалык баш аламандык» жана «бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: «Марал»